ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

  • 13.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова социалдык блоктогу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда негизги маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун коронавирустук инфекциянын жана башка мезгилдүү жугуштуу оорулардын күч алуусу ыктымалдыгына карата даярдыгы талкууланды.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мекемелериндеги, спорттук мектептердеги окуу процессин жандандыруу, айрым социалдык программаларды каржылоо маселеси каралды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов белгилегендей, кырдаал күн сайын кооптонууну жаратууда. Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан 49 528 коронавирустук инфекцияга чалдыккандар катталган. Анын ичинде Бишкек, Чүй, Баткен жана Ош облустарында COVID-19 илдетин жуктурап алгандардын саны көп болууда. Коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз режимде жүргүзүлүүдө. Мында саламаттык сактоо тармагын, башка илдеттерден жабыркаган бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү жаатында каржылоо маселеси актуалдуу бойдон калууда.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окуу процессин жандандыруу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Мектептердеги окууну эпидемиологиялык абалды жана окуучуларга социалдык обочолонууну камсыздоо шартына карай талдоо менен ишке киргизүү сунушталууда.

«Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими талап кылынат жана мектептер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө болот», — деди К.Исаков.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АИДА ИСМАИЛОВА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кеңешме катышуучуларынын көңүлүн борбордогу маданий-агартуу мекемелеринин ишин жандандыруу тууралуу өтүнүчтөргө бурду.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бюджеттин корголгон беренелери боюнча бардык социалдык төлөмдөр өз мөөнөтүндө төлөнүп берилерин белгиледи.

Аида Исмаилова мамлекеттик орган жетекчилерине үзгүлтүксүз ишти камсыздоону жана жарандардын укугун коргоого жана камсыздоого багытталган милдеттерди ыкчам чечүүнү жана эки күндүк мөөнөттө кыска мөөнөттүү чараларды ишке ащыруу, ошондой эле тармактардагы көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарды кароого киргизүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер