ВЕНГРИЯ: МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАЛАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДОО ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 21.02.2020
  • 0

19-20-февралда Президенттин алдындагы башкаруу академиясында магистратура жана докторантура программалары боюнча Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн аңгемелешүү (болжолдуу тандоо) болуп өттү.

Алдын ала тандоого жалпы 126 талапкер катышты, 12 адам аңгемелешүүгө келген жок.

Конкурстук тандоону өткөрү үчүн курамы беш адамдан турган уюштуруу комиссиясы түзүлдү. Ага төмөнкүлөр кирди:

  • Бакыт Дегенбаев – Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы, уюштуруу комиссиясынын төрагасы;
  • Алмаз Тажыбай – Мамлекеттик саясатты талдоо борборунун директору, уюштуруу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
  • Калийман Кобшекова – Элди окутуунун Кыргызстандагы ассоциациясынын директору, уюштуруу комиссиясынын мүчөсү;
  • Марина Джумабаева – экономика илимдеринин кандидаты, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Экономика жана менеджмент институтунун доценти, уюштуруу комиссиясынын мүчөсү;
  • Данияр Карабаев – Борбор Азиядагы Америка университетинин Илим жана эркин искусство факультетинин деканы, уюштуруу комиссиясынын мүчөсү.

Алдын ала тандоонун жыйынтыгы менен чыгарылган жалпы рейтингдеги алгачкы 30 талапкер негизги тизмеде сунушталат, андан кийинки 12 адам резервге кошулат.

Докторантура программасы боюнча 15 талапкер негизги тизмеде сунушталат.

Кыргызстандыктар үчүн Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу 2020-2021-окуу жылына карата 75 гранттык орун бөлүнгөн (бакалавриат жана магистратура — 60, ал эми докторантурага 15 орун).

17-18-февраль күндөрү бакалавриат программасына талапкерлерге компьютердик тестирлөө өткөрүлгөн. Чыгарылган жалпы рейтинг дароо министрликтин сайтына жана фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер