УЮТКУЛУУ ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН ҮЛГҮЛҮҮ ДЕМИЛГЕСИ

  • 06.04.2020
  • 0
УЮТКУЛУУ ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН ҮЛГҮЛҮҮ ДЕМИЛГЕСИ

Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы “Насип” бала бакчасынын башчысы Каныгүл Турсункулова өз демилгеси менен учурда кыйналып жаткан колдоого муктаж адамдарга жардам көрсөтүүдө. Анын бул сунушун өзү бирге эмгектенген эмгек жамааты жана үй-бүлөсү колдоп чыгышты.

УЮТКУЛУУ ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН ҮЛГҮЛҮҮ ДЕМИЛГЕСИ

Сүрөттө: Насип бала бакчасынын башчысы, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Билим берүүсүнүн мыктысы Каныгүл Турсункулова.

Кайнар айылындагы “Насип” бала бакчасы түптөлгөнүнө быйыл беш жыл толот. Айылда бала бакча жоктугунан чакан болсо да балдар үчүн, биринчи кезекте алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу болсун деп, адегенде бир тайпа менен иш баштаганын айткан жетекчи айым, өзү адегенде ошол эле айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенчү.

— Бала бакчаны “Насип” деп атаганымдын себеби, элибизге насип төгүлүп турсун деген тилегим бар. Алгач кичинекей, бир тайпалуу эле болчу, бара-бара балдар көбөйүп отуруп, азыр балдардын саны 30га жетип калды. Айылда бала бакчага муктаждык мындан да көп болгонуна карабай, тардыгынан кошумча бала ала албайбыз. Жакынкы арада жаңы бала бакча салынып, балдар кенен бара баштайт деген үмүт менен, ата-энелердин жардамынын аркасында иш алып баруудабыз,-дейт Каныгүл Турсункулова.

Бала бакча чакан болгону менен түйшүгү көп эле. Ата-энелер коомчулугу жана инвесторлордун жардамынын аркасында бакчанын имаратын тиешелүү жабдыктар менен жабдып, материалдык базасын чыңдап алганына карабай, алдыда да аткара турган иштери арбын. Күнүмдүк түйшүктөр түйшөлтүп турганда, мына мындай кырдаал түзүлүп, андан чыгып кетүүнүн чарасын чогулуп көрүү, кыйналып тургандарга жардам берүү демилгеси менен чыгышып, уюткулуу эмгек жамааты катары башкаларга үлгү болушту.

УЮТКУЛУУ ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН ҮЛГҮЛҮҮ ДЕМИЛГЕСИ

Каныгүл Акматовна турмуштун ала салдырма оош-кыйышында  алдыда калган катмарга кол сунуп жардам берүү демилгеси менен чыкканда, аны жакындары, биринчи кезекте, чогуу иштеген эмгек жамааты жапа тырмак колдоду. Айылдашы, жолдошу кайтыш болгон А.Нефтулдаеванын колунда жети баласы бар, дагы бир жолдошунан айрылган Ж.Самсалиеванын төрт баласы бар, анын бир кызы экинчи топтогу майып. Бул адамдар чындап эле колдоого муктаждар. Ушул эки үй-бүлөгө эң керектүү тамак-аштарды алып барып беришип, ыраазычылыгын угуп келишти.

— Жолдошум Алмазбек экөөбүз беш баланы тарбиялап өстүрдүк. Алды өз алдынча турмуш куруп кетишти. Учурда бир балам студент, эки кызыбыз мектепте окушат, кудайдын кулагы сүйүнсүн, үч неберелүү болуп калдык. Элдин башына түшкөн бул илдет азыр көп адамды колдон тартып үйгө отургузуп койду го, айрыкча балдары жаш үй-бүлөлөргө кыйын болууда. Биз үй-бүлөбүз менен жардамга муктаж адамдарга колдон келишинче жардамдашканга аракеттенебиз. Ынтымак, биримдик ушундайда билинет турбайбы, мени колдоп-кубаттаган чакан эмгек жамаатым менен биргеликте, кечээ карантин постунда күзөттө тургандарга ысык тамак уюштуруп жеткирип бердик,-дейт, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Билим берүүнүн мыктысы Каныгүл Турсункулова.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер