УЛУУ ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

  • 14.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата адабий кече болуп өттү. Иш-чара гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.

Адабий кечени университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов ачып, улуу жазуучунун өрнөктүү жолу жаштарга үлгүс экендигин баса белгиледи.

УЛУУ ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

Иш-чарада улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, студенттер тарабынан даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, обондуу ырлар аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

УЛУУ ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

 

Кеченин жыйынтыгында мыкты сүрөт тарткан  сүрөтчүлөр , актерлук чеберчилиги менен образды ачып берген студенттерге жана олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, китеп марафонуна активдүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер