УЛУТТУК ОЛИМПИАДАНЫН ЭҢ ЖАШ КАТЫШУУЧУСУ БААЛУУ БЕЛЕК АЛДЫ
- 09.04.2024
- 0
Быйылкы улуттук сынактын өзгөчөлүгү – эң жаш, Оштогу International School of Kyrgyzstan мектебинин 6-классынын окуучусу Бектен Абдувалиевдин катышканы болду.
Ал математика жана информатика сабактарынан катышып, 19-орунду алган. Анын айтымында, 1-, 2-турлары ага жеңил эле болгон, ал эми 3-туру абдан татаал экенин айтып, эмдиги жылы дагы катышып, алдыңкы орундарды багындыраарын ишенимдүү билдирди. Ал демөөрчүлөрдөн атайын сыйлыкка татыктуу болду.
“Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Бобрус Ян математикадан 3-орунга чыкса, информатикадан 1-орунга чыккан. Олимпиадага экинчи жолу катышып жатат.
— Тапшырмалар өтө сапаттуу, кызыктуу болду. Математиканын тапшырмалары эл аралык олимпиаданын тапшырмаларынан алыныптыр. Тапшырмалар өтө татаал болду. Мен мектепте 8-10 саат математика менен информатика сабагын окуйм. Олимпиада, биринчиден, биз каалаган күчтүү чет элдик жогорку окуу жайларга өткөнгө жол ачат. Жакшы жогорку билим алсам, эмгек акысы жогору жумуш таап алса болот, — дейт интеллектуал.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер