УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ӨЗ МААРЕКЕСИН БЕЛГИЛӨӨДӨ

  • 31.10.2024
  • 0

Ордо калаадагы Филармонияда илимий интеллигенциябыздын чордонун түзгөн, эл аралык деӊгээлдеги бир катар ири илимий ачылыштардын устаканасы жана көптөгөн жаш окумуштуулардын илимий мектеби болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын түзүлгөнүнүн 70 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Маарекелик иш-чарага Жогорку Кеӊештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, академиктер баш болгон окумуштуулар тобу, бир катар чет өлкөлөрдүн илимдер академияларынын жетекчилери, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, илимий эксперттер менен адистер катышты. Алар УИА дарегине өз куттуктоолорун айтуу менен бирге, анын келечеги жаатында ой-пикирлерин билдиришти.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимий академия Кыргызстандын илимий-технологиялык өнүгүүсүнө жана аны андан ары өркүндөтүүгө өзүнүн барандуу салымын кошконун баса белгиледи. «Бул маарекенин алкагында бир катар иштиктүү иш-чаралар, илимий-техникалык жетишкендиктердин көргөзмөлөрү, окумуштуулардын өз ара жолугушуулары өткөрүлүүдө. Илимдер академиясынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо жаатында да аракеттер жасалууда. Жакында өтө кубаттуу жана заманбап суперкомьютерлер келгени турат », — деп кошумчалады ал.

Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Монголия, Англия, Франция, Германия, Словения, Индия, Беларусь сындуу 14 өлкөнүн окумуштууларынын катышып жатышы Улуттук илимдер академиясынын эл аралык деӊгээлдеги бийик кадыр-баркынан кабар берет. «Бүгүн баарыбыз үчүн өтө кубанычтуу күн. Өткөн 70 жылда биз кылымга тете жол бастык. Ал издин илимий мекеме үчүн татаал жана катаал илимий изилдөөлөр менен бир бтоп ийгиликтердин мезгили болду десек жаӊылбайбыз», — дейт КР УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов.

Бүгүн «Ынтымак Ордо» мамлекеттик резиденциясында уланган Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөнүнүн 70 жылдык маарекесинин алкагындагы “Туруктуу өнүгүү: илим, билим, коом” аталышында окумуштуулардын эл аралык конгресси Министрлер Кабинетинин куттуктоосу менен ачылды. Иш-чара жүрүшүндө эл аралык илимий иш-чаранын жүрүшүндө окумуштуулардын атайын тематикалык багыттагы баяндамалары да угулуп жатат.

Белгилей кетсек, 1943-жылы Кыргызстанда СССР Илимдер академиясынын филиалы ачылган. Алардын алдына негизинен ок-дарылар жана аскерий техникалар үчүн жаӊы кошундуларды иштеп чыгуу, мал чарбасынын өнүмдүүлүгүн арттыруу, кен-байлыктардын корун чалгындоо, дана жана жашылча өсүмдүктөрүнүн жаӊы сортторун өндүрүү сындуу милдеттер коюлат. Натыйжада Кыргызстандын аймагынан сындуу кан майдан үчүн өтө зарыл коргошун, темир, сурма, вольфрам көптөгөн пайдалуу кендердин ири корлору табылып, жапырт иштетиле баштаган.

Ал эми 1954-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясы түзүлүп, анын президенттигине Иса Акунбаев дайындалган. Ал дээрлик он жыл бою өлкөнүн башкы илимий мекемесин жетектеп турган. Мына ушундан тарта Илимдер академиясы өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жөлөк болуп, илимий орчундуу изилдөөлөрдүн чордонуна жана жаш окумуштуулардын устаканасына айланды.

 

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер