ТРАМПКА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЧИСИ ИШЕНИМ ГРАМОТАСЫН ТАПШЫРДЫ
- 18.06.2025
- 0
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп 11-июнда Вашингтондо Кыргыз Республикасынын АКШдагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Бейшеевич Молдогазиевдин ишеним грамотасын кабыл алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-июнда расмий маалымат жарыялады.
АКШ президенти менен жолугушууда элчи өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын жана достугун мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирген.
“АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи”, — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.
Айбек Молдогазиев былтыр 2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
52 жаштагы Айбек Бейшеевич Молдогазиев 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ТИМдин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси болуп баштаган.
Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы, ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн башчысы болуп эмгектенген.
Айбек Молдогазиев андан соң Тышкы иштер министрлигиндеги бир катар департаменттерди жетектеген. 2017-2020-жылдары Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи болуп кызмат кылган. 2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындалган.
Ошондой эле Вашингтондо Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен дагы жолугуп, эки өлкөнүн алакасы боюнча маселелерди талкуулаган. Бул тууралуу да Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Жолугушууда Кыргызстандын визалык чектөө коюлат деген өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү ыктымалдыгына байланыштуу маселеге өзгөчө көңүл бурулган. Элчи Айбек Молдагазиев АКШ тарапты бул маселени кароодо ойлонулган мамиле кылуунун зарылдыгын белгиледи.
Бул жолугушуу АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыялангандан кийин орун алды. Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, “бул тизменин кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” 16-июнда билдирген эле. ТИМ маселени талкуулоо үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырганын маалымдаган. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча белгисиз.
Миграциялык чектөөлөр тууралуу Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген. Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.
Ишембиде тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөргө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилээри жазылган.
Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн деп маалымдалган.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер