ТИЛ ГЕРМАНИЯГА ЖЕТКИРДИ

  • 03.02.2025
  • 0

 2025-жылдын 15-25-январь күндөрү “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин 6-7-8-класстарынын окуучулары «Тил сапары-2025» долбоорунун алкагында Германия мамлекетинин Берлин шаарындагы  М. Ломоносов атындагы Эл аралык билим берүү мекемесине барышты.

ТИЛ ГЕРМАНИЯГА ЖЕТКИРДИ

Маалыматка ылайык, кышкы каникул маалында уюштурулган тил сапарында балдарыбыз немис тилин  тереңдетип окуп, аталган мамлекеттин маданияты, тарыхы менен кеңири таанышышты.

Иш-чаранын дагы бир максаты — жаш катышуучулардын  инсандык өнүгүүсүн, жаштардын жоопкерчилигин, өз алдынчалыгын жана өзүнө  болгон ишенимин өнүктүрүү деп белгиленген.

Тил сапарынын өзгөчөлүгү  — окуучулардын  азыркы коомдо актуалдуу жана суроо-талапка ээ болгон маданияттар аралык баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, мультикультурализмдин жана көп тилдүүлүктүн пайдаларын келечек муунга сиңирүү болуп саналат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер