ТЕХНИКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН АЛЬЯНСЫ
- 03.02.2025
- 0
31-январда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде техникалык окуу жайлардын альянсы жөнүндө келишимге кол коюлду.
Негизги максаты – билим, тажрыйба жана ресурстарды алмашуу аркылуу техникалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
Альянстын курамына 7 техникалык окуу жай кирди:
— И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети,
— И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту,
— М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети,
— К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжи,
— Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжи,
— М.Т. Ибрагимов атындагы Токмок индустриялык-педагогикалык колледжи
Альянстын координатору болуп И. Раззаков атындагы КМТУ дайындалды, ал координатор катары билим берүү программаларын уюштуруу, илимий жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бизнес жана өнөр жай өнөктөштөрүн тартуу үчүн жооптуу болот.
Келишим бардык тараптар тарабынан кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Айдана Маматбердиева,
«Кут Билим»
Комментарийлер