ТАГДЫРЫМДЫ ӨЗГӨРТКӨН АДАМ

  • 19.05.2020
  • 0

Азыр мен Чиркеш агай тууралуу эскерүү жазамын деп столго отурганда өзүмө кызык бир ой келди: жашоодо, турмушта жөн эле бир кокустуктар, жөн эле бир дал келүүлөр болбойбу, алардын баары тагдырдын бир айкалыштары, кимдир бирөө атайын пландаштырган нерселерби деп калдым. Мындай дегенимдин жөнү бар. 1962-жылы Ноокат районундагы «Ленинизм» колхозунун «Съезд» участкасында жайгашкан Я.М.Свердлов атындагы сегиз жылдык мектептин биринчи классына келип кирдим. Чынында мен кийинки жылы окумакмын, бирок ошол жылы «а» жана «б» деген жарыш класстарды ачабыз деп, алты жаштагы бир топ балдарды мектепке ала берген экен. Тагдырды карабайсыңарбы – мен ошолордун катарына кирип калыпмын. Анан ошол мен биринчи класска келгенде мурда Араван районуна караган бийик тоолор арасындагы «Кичи-Алай» мектебинде директор болуп иштеген Чиркеш агай биздин мектепке директор болуп келет. Мына тагдырлар түйүнү. Анан бир топ жылдан кийин сегиз жылдык мектеп орто мектепке – он жылдыкка айландырылып, 1972-жылы биз онунчуну бүтүп аттестат алган соң Чиркеш агай биздин мектептен директорлуктан бошотулуп, өз айылына – Тельманга кетет. Карабайсызбы, он жыл! Он жылдык жарыш тагдырлар! Бир мектепке экөөбүз кошо келип, экөөбүз кошо кеттик! Атайын эле мен үчүн келгендей…

ТАГДЫРЫМДЫ ӨЗГӨРТКӨН АДАМ

Мен анда жетинчиде окуйт болушум керек эле. Күз келип, окуу башталары менен Араванга пахтага айдайт. Биз, эркек балдардын баары, Чек-Абад деген айылдагы жаңы типтеги мектептин спорт залында катарлаша жатабыз. Уктар алдында мугалимдер бир сыйра түгөлдөп, ал-акыбалыбызды сурап чыгат, антпесе, жогорку класстын балдары магазиндеп, тууганчылап кетип калат, анан калса, жергиликтүү балдар, негизинен түрктөр, балдарды бирден-экиден кармап алып, төпөштөп коё берет.

Ошондой жатардагы кыдыруулардын биринде директор Чиркеш агай менен мектептин завхозу Касымбай Жолдошев кыдырып калды. Менин тушума келишти. Сводкадан менин терген пахталарымдын бир топ күндөгү суммасын карап туруп, директор «начар», «начарыраак» деди, ал эми Касымбай Жолдошов менин жездем, тагыраагы, аялы менен апам бир тууган, «жакшы болот», «жакшы болуп кетет» деп калды мени колдоп. «Бул Жаркынбайдын баласыбы», —  деди Чиркеш агай. Атам да алар менен тең жаш эле. «Ошол бажамдын уулу», — деди жездем. Анда Чиркеш агай бизге сабак бере элек, тааныбашы мүмкүн, же таанып туруп эле, атайын ошенттиби, айтор, эртесинен баштап отурбай, дем албай терип калдым, чынында жай кыймылдап, көп эңкейе албай теримим башкалардан кыйла начар болчу.

Кийин 1970-жылы айылдын стандарттуу жаңы мектеби бүттү. Бул мектептин салынышына «Ленинизм» колхозунун башкармасы Аран Мамажунусов чоң салым кошкон. Ал колхоз башкарып жүргөндө мектептерге аябай кам көрүп, анын натыйжасында колхоздун үч айылына тең типтүү мектептер салынган.

Ошол жаңы мектепке жашылдандыруу чарбасынан бөлмө гүлдөрүн алып келүү үчүн Чиркеш агай менен Касымбай жезденин жетегинде Ошко келгенбиз. Ошондо, биз, жумушчулар гүлдөрдү идиштерге салып даяр кылганча ары-бери кыдырып жүрүп, институттун артында китеп окуп отурган айылдашыбыз менен көрүшүп калдык. Ал Пединституттун биология факультетинде окуган Бектемир Сатиев экен. Анын жарашыктуу капкара чачы, узун кара кирпиктери, таза, тыкан кийими, окуп жаткан китеби бизге ушунчалык таасир этти. Ошондо Чиркеш агай менен Касымбай жезде:

  • Мына, студент болгон кандай сонун, силер да жакшы окусаңар, ушул Бектемир сыяктуу студент болосуңар, — деп бизди тамшандырган.

ТАГДЫРЫМДЫ ӨЗГӨРТКӨН АДАМ

Бөлмө гүлдөрүн алып барып мектебибиз жаркырап эле жатып калды, анда эл үйлөрүнө карапа идиштерге бөлмө гүлдөрүн өстүрчү эмес. Ошол жылдары мектебибиздин аты районго гана эмес, облуска угулуп турган.

Биз тогузунчу, онунчу класска келгенде кыргыз тили жана адабиятынан Чиркеш агай – мектептин директору өзү сабак бере баштады. Ал тубаса педагог, кыраакы усулчу болчу, коңур үнү менен көптөгөн чыгармаларды жатка айтып берет:

Айсулуу чынында эле бир сулуу кыз,

Бир көрсөң көпкө чейин унутулгус.

Жаркылдап адеп менен күлүп сүйлөп,

Сөзү бар не бир сонун ойдон чыккыс, — деп Темиркул Үмөталиевдин «Айсулуу» поэмасынан үзүндү айта баштаганда ушунчалык бир кыраатын келтирет, доошун бирде созуп, бирде кысып образга кирип кетет. Биз да агайды ээрчип кетебиз.

Ошол агайдын ошондой сабактарынан кийин мен мугалим болом, болгондо да адабият мугалими болом деп чечтим. Ал киши менин тагдырымды өзгөрттү. Агайдын өзүнө окшоп ырлардан, кара сөздөн үзүндүлөрдү жаттап, кыраатын келтире айтып берчү болдум. Бир жолу тогузунчу класста болсо керек эле, Жаңы жылдык балатыда асмандан түшүп келген адам тууралуу фантастикалык аңгеме жаздым жана аны космостон келген киши сыяктанып кийинип, спорт залда жалпыга айтып бердим. Чиркеш агай класстар арасындагы байгенин калыстар тобунун төрагасы экен, мага өзүнүн чыгармасы экен деп биринчи орун берип, көзүм күйүп, колум жетпей жүргөн кырк тыйындык общий тетрадь деген калың дептер тапшырган. Бул окуя мага кыйла шык берди.

Кийин студент убакта практикага чыктым, мектептерде, жогорку окуу жайларында сабак бердим, ошол сабактарымды окутууда Кочкоров Чиркеш агайымдай кылып сабак өткүм келе берчү…

 

Абдыкерим МУРАТОВ,

Орусия табигый илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү,

Илимге эмгек сиңирген ишмери жана

К.Д.Ушинский медалынын ээси,

Балдар адабияты боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн жана

КР Улуттук жазуучулар союзунун

Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты,

педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

Кочкоров Чиркеш

Кочкоров Чиркеш 1930-жылы Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Балалык мезгили согуш мезгилине туура келип, тылда эмгектенген. Ал 35 жылдык өмүрүн балдарга билим берүүгө арнап, өзүнүн көпчүлүк ишмердигинде мектептерди уюштуруп, аларды жетектеп турган.

1952-жылы Ноокат районундагы Правда орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тил адабият факультетине тапшырып, аны 1956-жылы ийгиликтүү аяктаган.

1956-57-жж. Интернационал мектебине мугалим болуп кирген;

1957-58-жж. Ломоносов атындагы орто мектепте иштеген;

1959-61-жж. Тельман атындагы орто мектепте директор;

1961-62-жж. Кичи-Алай сегиз жылдык мектебинде директор;

1962-72-жж. Свердлов атындагы орто мектепте директор;

1973-91-жылдар арасында жыйырма жылга жакын Тельман атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген;

1991-ж. ардактуу эс алууга чыгып, бир топ жыл айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы болгон.

Кочкоров Чиркеш Кыргызстан мугалимдеринин IV-жана VI- съездинин делегаты болгон, Эл агартуунун мыктысы, Лениндин 100 жылдыгы медалы менен сыйланган.

Кочкоров Чиркеш 2005-жылы 23-февралда 75 жашында дүйнөдөн кайткан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер