ТААЛАЙБЕКТИН ТОГУЗ-ТОРОДОГУ ТААЛАЙЫ
- 25.06.2025
- 0
Кыргызда “жоонун чапса ким чапты, аты калды Манаска” деген накыл бар. Бул көөнө кепти бүгүнкүгө которсок райондун, облустун, республиканын өнүгүүсү үчүн жан үрөп иштеген орто катмардагы жүздөгөн мамлекеттик аткаминерлер бар. Алар оор ишке биринчи бет келишет, алар ысык-суукка биринчи төшүн тосушат. Иш ийгиликтүү бүтсө аты акимге, губернаторго, президентке (Манаска) калат. Мамлекети үчүн ошондой астейдил мээнет кылып келаткандардын бири – аткаминер, мугалим Таалайбек Орокбаев.
…1955-жыл, анда СССРде “Сталиндин жеке керт башына сыйынуу саясаты” сындалып, өлкөнү Никита Хрущев деген киши башкарып жаткан кез…
Дал ошол жылы мартта Тогуз-Торо районунун Арал айылына караштуу, алыскы Чоку-Өтөк кыштоосунда Өпөк менен Алымкандын үйүндө эркек бала жарык дүйнөгө келген. Бала бактылуу-таалайлуу болсун деп, атын Таалайбек деп азан чакырышат. …чабандын баласы болгондуктан айылдын, тоонун, малдын түмөн түйшүгүнө чыйралып чоңойот, мектепте да камчы салдырбай алдыңкы болуп окуйт.
Камчы салдырбаганы ушул 10-классты бүтөрү менен 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине өтөт. Университетти мыкты айактаган Таалайбек университетте иштөө сунушуна карабай айылдагы карыган ата-энесиннин жанына кетүүгө аргасыз болот.
Ошентип жаш тарыхчы Таалайбек Орокбаев эмгек жолун 1978-жылы Тогуз-Торо районундагы Киров орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштайт. Көп өтпөй жаш агай “чоңдордун” көзүнө илинип, райондук аткаруу комитетине жумушка чакырылат, кийин жооптуу катчы кызматына чейин көтөрүп, иштетишкен.
Райондун жетекчилиги тарабынан ишенимге ээ болгон Т. Орокбаевдин андан кийинки эмгек жолу да жемиштүү болду, райондук “Жеңиш Туусу” гезитинин жооптуу катчысы, Кыргызстан КП Тогуз-Торо райкомунун инструктору, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы, “Кызыл-Жылдыз” колхозунун парткомунун секретары катары “коммунизмди куруу” саясатына ак дилден кызмат кылган.
Кыргызстан азаттык алгандан кийин деле районго сабаттуу, салабаттуу мамлекеттик кызматкерлер керек болду. 1991-жылы Т. Орокбаевди Тогуз-Торо райондук советинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болууга чакырышты, андан жыл айланбай Тогуз-Торо районунун мамлекеттик акимчиликтин аппарат жетекчиси кызматына көтөрүштү. Ошентип Таалай агабыз Тогуз-Торонун эгемен жылдары торолушуна чоң салым кошконун байкоо кыйын эмес.
Биздин каармандын андан кийинки эмгек изин, үзүрүн Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Билим берүү, илим жана маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы, Макмал орто мектебинин директору катары иштеген жылдардан (1995-2008) көрөбүз. Элдин ишенимине ээ болгондугунун дагы бир далили дээрлик 15 жыл (1985-2000) катары менен райондук, айылдык кеңештин депутаты болуп шайланганы айтып турат.
Биз билген Таалайбек Орокбаев элдик маселе дегенде, өзгөчө билим берүү мекемеси дегенде алар үчүн өзгөчө жан үрөгөн адам. Анын демилгеси менен Азия өнүктүрүү банкы каржылоосу менен Макмал орто мектеби чатырланган, ичи толук оңдоп-түзөлгөн. Америкалык “Мерсико” уюму тарабынан 110 миң сом бөлдүртүүгө жетишип, мектеп автоном жылытууга өткөрүлгөн. “Ага Хан” фондусунун “Кыргыз Республикасында мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу” долбоорунун алкагында 5,5 млн. сомго райондун 11 мектебине Маалыматтык технология, анын жабдуулары орнотулган. Бирдик орто мектебинин чатыры алмаштырылып, Аскалы мектебинин айланасы тосулуп, Иса Иманбердиев мектебинин чоң залы жаңыртылган. Таалайбек аганын мындай салымдарын айта берсең толтура…
Ал 2009-жылдан бери Макмал орто мектебинде мугалим болуп иштегенден сыткары коомдук иштердин активдүү, жигердүү катышуучусу. Республикалык Курултайдын делегаты, 2017-2022-жылдары “Тогуз-Торо райондук Камкорчулук кенештеринин ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы болгон. Кыргыз Республикасынын “Ардактуу инсандар” коомдук бирикмесинин Тогуз-Торо районундагы өкүлү, Каргалык айылдык округунун жайыттар комитетинин текшерүү комиссиясынын төрагасы, Макмал орто мектебинин этика комиссиясынын, байкоочу кеңешинин төрагасы,”Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” байкоочу кеңешинин мүчөсү, райондук мамлекеттик акимчиликтин алдындагы кадрлар боюнча конкурстук комиссиянын мүчөсү, Каргалык айылдык аксакалдар Кеңешинин мүчөсү катары көп коомдук жумуштарды аркалайт.
Таалайбек Орокбаев агабыздын эли үчүн жасаган дагы бир зор эмгегин айтпасам болбос. Районунун уюшулгандыгынын 80 жылдыгыга карата “Тогуз-Торо району” энциклопедиясынын 2-чыгарылышын жазуу боюнча редакциялык кеңештин төрагасы болуп, бир нече ай бел чечпей иштегенин билем. Өзгөчө энциклодедиядагы райондун тарыхын архивдик материалдардын негизинде өзү жазып чыкканы чоң олжо деп баалайм. Баса, Таалайбек агабыз, сөздүн гүлүн, орошон ойлорду айткан ондогон ырлардын автору, өрөөнгө белгилүү акын, поэзия сүйүүчүсү, деп айта алабыз.
Таалайбек Орокбаевдин сыйлыктарын карасам бир куржун экен. Тээ совет заманындагы Кыргызстан Компартиясынын, Кыргызстан комсомолунун, министрликтердин, облустук, райондук бийликтердин толгон Ардак граматолары, Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн отличниги” ж.б. ондогон сыйлыктар, алкыштарга ээ болуптур. Ушунун баары ага элдин, коомдун берген баасы, сыйы-урматы деп түшүнсөк болот.
Бүгүнкү кебибизди корутундуласак Таалайбек Орокбаев — Тогуз-Торо районунда 40 жылдан ашык партиялык, советтик, чарбалык, профсоюздук, билим берүү тармагында үзүрлүү, жемиштүү иштеп, өрөөндүн социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон, элдин арасында чоң сый-урматы бар инсан, “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” катары билебиз. 7 уул-кызды таап, тарбиялап өстүргөн камкор ата, Салима жеңебиздин жанбирге жубайы деп сыймыктанабыз.
…Ушундай байсалдуу, өрнөктүү жолду басып өткөн Таалайбек Орокбаев агабыздын өмүрүнүн 70-ашуусу кут болсун!..
Бакыт Орунбеков,
Бишкек шаары.
Комментарийлер