ТӨРТҮНЧҮ ЧЕЙРЕК АРАЛЫКТАН ОКУТУЛАТ

  • 31.03.2020
  • 0

Бүгүн, 31-мартта, Өкмөттүн пресс-борборунда,  Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Нурлан Омуров журналисттер үчүн брифинг беришти.

Баарыбызга белгилүү болгондой, мектеп окуучулары 16-марттан 8-апрелге чейин коронавируска байланыштуу карантинге таратылган. Бийликтин тыкыр чараларына карабай, республикада коркунучтуу вирусту жуктуруп алгандардын саны арбып баратат. Түзүлгөн кырдаалга ылайык,  Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде окуу иштерин аралыктан улантууну чечти.

— 8-апрелден баштап, мектептерде төртүнчү чейректи аралыктан улантууну чечтик. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мугалимдер окутуу ишин Ватсап, ZOOM тиркемелерин колдонуп жүргүзө алышат. Аларга усулдук көрсөтмөлөрдү бердик. Ата-энелерге да көрсөтмөлөр берилет, — деп айтты Надира Сынташевна.

А.Алибеков,  ,,Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер