ТӨЛӨБЕК АБДЫРАХМАНОВ: «ЖОЖДОРДОГУ СОВЕТТИК ТЕҢДЕМЕЧИЛИК САПАТТЫ ТӨМӨНДӨТӨТ»

  • 13.11.2018
  • 0

ТӨЛӨБЕК АБДЫРАХМАНОВ: «ЖОЖДОРДОГУ СОВЕТТИК ТЕҢДЕМЕЧИЛИК САПАТТЫ ТӨМӨНДӨТӨТ"

Биз көп учурда гезитибизде мектептеги мугалимдердин айлык маянасы туурасында таккай кеп кылып келебиз. Бул ал тургай жалпы журтту кызыктырган маселеге да айланып кетет. Албетте, буга мугалимдердин армиясынын көптүгү да таасирин тийгизсе керек. Бирок, ошол эле учурда, бир кезде күргүштөп ачылган ЖОЖдордо иштеп жатышкан окутуучулардын маяналары туурасындагы маселе көз жаздымда калып келе жаткандай. Коомчулук үчүн бул да орчундуу көрүнүш. Себеби келечектеги адистер ушул ЖОЖдордон даярдалып чыгып жатпайбы. Демек, мында да мектептегидей эле сапаттык көрсөткүчтү камсыз кылууда алардын айлык маяналары чоң роль ойноору калетсиз эмеспи. Ушундан улам бүгүн ошол ЖОЖдордогу окутуучулардын материалдык шарттарын билүү максатында тарых илимдеринин доктору, профессор, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек АБДЫРАХМАНОВду кепке тарттык. 

 

-Урматтуу Төлөбек Абылович, биз билгенден азыркы эмес, мурунку өкмөт жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын материалдык абалын жакшыртуу тууралуу маселени көтөргөндөй болду эле. Бул максатта  илимдин кандидатынын жана докторунун эмгек акысына кошумча акы кошулуп, үстөк катары бериле турган акчаны үч эсе жогорулатты. Мындай аракет окутуучулардын материалдык абалын жакшыртууга кандай таасирин тийгизди?

-Ооба, мурунку өкмөт өзүнүн бюджеттик мүмкүнчүлүгүнө жараша аракетин кылды. Бирок анын  бул аракети жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн анчалык деле сезилээрлик болгон жок. Анткени, биринчиден, бул ишараат көп деле каражатты талап кылбайт. Экинчиден, мамлекеттик бюджеттин айлык акысына көз каранды болгон жогорку окуу жайлардын окутуучулары  көп деле эмес. Демек, кошумча берилген 300 сомго муктаж болгондор жокко эсе эле. Мисалы, И. Арабаев атындагы университетти ага кошсок болот.

Үчүнчүдөн, мурунку өкмөттүн  бул ишараты жогорку окуу жайлардагы жалпы окутуучулардын айлык маянасын көбөйтүүсүнө түздөн-түз тиешеси деле жок болчу. Белгилүү болгондой, 2015-жылы мектеп мугалимдеринин гана эмгек акысын көбөйтүп, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана кызматкерлери мындай жакшылыктан четте калган. Мурунку өкмөттүн аракетинде деле ошого окшош эле университеттин окутуучуларын ойлогондой көрүнүш болгон. Себеби, ал каражаттар илимдин доктору жана кандидаты даражалары үчүн кошумча төлөмдөр болчу. Башкача айтканда, бул нерсе жогорку окуу жайлардын жалпы окутуучулары эмес жогорку окуу жайлардагы,  Улуттук илимдер академиясындагы жана  тармактык илим изилдөө мекемелеринде эмгектенип жаткан илимий даражасы бар окумуштууларга гана тиешелүү.

  -Демек, бул жаңылык жогорку окуу жайларынын мугалимдерине анча деле тиешеси жок болуп калганбы?

-Ошондой десек болот. Себеби, акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 14 миңден ашык окутуучу эмгектенет. Алардын 6,05% гана илимдин докторлору жана 25,42% илимдин кандидаттары. Башкача айтканда, жогорку окуу жайлардагы 10 миңден ашык мугалимдерге  бул жаңылыктын анча деле тиешеси жок болуп калат.

 -Анда эмесе мындан  башка дагы кандай жолдор менен жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын статусун жогорулатып, алардын сапаттуу ишин материалдык жактан стимулдаштыра  алабыз?

-Албетте, эмгек маянаны көбөйтүү окутуучулардын социалдык статусун кɵтɵрүүгɵ байланышкан маанилүү, бирок бир жагдайдагы  эле маселе. Мындан тышкары жогорку окуу жайлардагы  окутуучуларга тиешелүү болгон профессордук, доценттик жана ага окутуучулук наамдар үчүн дагы кошумча төлөмдөрдү көбөйтүү караштырылса  жакшы болмок. Бул маселеге көнүл бурулбай, дагы да болсо четте калды. Ансыз деле Кыргызстанда профессор менен доценттер   анча арбын эмес. Азыркы учурда мамлекеттин жогорку окуу жайларындагы окутуучулардын 4,65% гана профессор жана 16,36% эле доценттер. Демек, профессорлук менен доценттикти дагы кошумча каржылап койгонго көп деле каражат кетмек эмес.

-Айтмакчы, профессорлук жана доценттик үчүн кошумча акы төлөөнүн абалы кандай?

-Чындыгында докторлук жана кандидаттыкка караганда профессорлук менен доценттиктин айлык акыга тийгизген таасири кыйла эле жакшы. Мисалы, Өкмөттүн 2011-жылы 19-январындагы №18  жана 31-майындагы №270 токтомдорунун негизинде илимдин доктору-профессор үчүн 8000 сом төлөнсө, илим доктору-доцент үчүн  7500 жана илим кандидаты-ага окутуучу үчүн 6000 сом, ассистент-стажер үчүн 5000 сом төлөнөт. Биздин университетте быйылкы окуу жылында бул маяналарга атайын эсептен 3000 жана 2000 сомдон кошумча үстөк киргизилди.

-Окутуучулардын материалдык абалы  жөнүндө сөз кылганда кеп учугу дароо эле эмгек акыны жогорулатууну алардын жөндөмдүүлүгүнө жараша ишке ашыруу маселесине барып такалат. Кыргыз – Түрк “Манас” университети менен АУЦА сыяктуу университеттерде эмгек акы окутуучулардын рейтингине жараша төлөнөт экен. Бул маселе мамлекеттик университеттерде кандай каралат?

-Туура айтасыз. Мындай чет өлкөлүк бай жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын статусу абдан жогору. Эмгек акысы да жогору, стажировка өтүп келүүсү, илимий иш сапарлары, иш сапар учурундагы жашаганы окуу жай тарабынан каржыланып, стимулдаштырылып  турат. Силер айткандай, окутуучулардын эмгек акылары дагы иштеген иштерине жараша дифференцияцияланып төлөнүп, алардын жакшы иштегенине стимул болуп келет.

Мамлекеттик университтерде болсо эмгек акы төлөө бирдиктүү форма менен төлөнөт.

-Мамлекеттик университеттерде рейтинг боюнча акы төлөө системасын киргизүүгө болбойбу? Анткени, бул биринчиден, окутуучунун канчалык рейтинги жогору болсо ошончолук эмгек акы алуусуна жол ачса, экинчиден, окутуучунун билим берүү сапатына дагы таасирин тийгизет эмеспи?

-Тилекке каршы, Кыргызстандын мамлекеттик окуу жайларындагы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнө турган эмгек акылар иштеген иш сапатына жараша дифференцияланбастан расмий тарифтер боюнча  бардыгына бирдей төлөнөт. Демек, сапаттуу эмгекти стимулдаштырып жана натыйжалуу ишти мотивациялай турган факторлор жокко эсе. Мисалы, илимдин докторлоруна өзүнчө, бирок стандартташтырылган  тариф менен бирдей акы,  илимдин  кандидаттарына дагы өзүнчө, бирок алар үчүн бирдей тариф менен, ага  окутуучулар жана окутуучулардын эмгек акысы дагы ар бирине тиешелүү бирдей тариф менен төлөнөт. Айырма окутуучулардын эмгек стажысына жараша төлөнгөн кошумча акыларда гана бар. Бул маселеде иштин сапаты, окутуучунун аракети, мыктылыгы же начарлыгы, активдүүлүгү же ыкшоолугу  эске алынбайт. Башкача айтканда, советтик теңдемечилик система сакталып  келе жатат.

-Мындай теңдемечилик  көрүнүштүн силердин окуу жайга тийгизген таасири кандай?

-Чындыгында, анчалык деле эмес. Анткени, мамбюджеттин биздин университеттин окутуучуларынын эмгек акысына  чегерген каражатынын бир жылдык көлөмү өтө эле аз. Ошондуктан, анын бар же жогу, аз же арбындыгы дээрлик биздин окутуучулар үчүн анчалык деле сезилбейт. Мисалы, 2017-жылы И. Арабаев атындагы университетти мамбюджеттин эсебинен каржылоо көлөмү         22 млн. 155 миң сомду түзгөн. Салыштыруу үчүн айтсак,  атайын эсеп (спец.счет) боюнча  университеттин  маяна фонду мындан 7-8 эсеге көп болду.

  -Сиздердин университеттеги эмгек акы төлөө системасы кандай? Окуу жайдагы  эмгек акы төлөөдө  стимулдаштыруу факторлору эске алынабы?

-Биздин окуу жайдагы мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн эмгек акылар Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларындагыдай эле теңдемечилик менен төлөнөт. Биз ал каражаттарга кийлигише албайбыз. Ал эми университеттин атайын эсебинен (спец. счет) төлөнгөн эмгек акылары өтө татаал жана бир нече деңгээлдерге бөлүнгөн система боюнча дифференцияланып төлөнөт. Мында эң негизги идея теңдемечиликтен баш тартып, факультет, кафедра жана окутуучулардын мыкты эмгектенүүсүн шарттай турган стимулду жана мотивацияны жаратуу аракети. Ушул идея менен университеттин ар бир институту менен факультетинин, керек болсо айрым кафедралардын окутуучулары ар  башка көлөмдөгү айлык акы алышат. Мындан тышкары, айрым институт жана факультеттердеги окутуучулар дагы ичара ар кандай өлчөмдө дифференцияланган эмгек акы  алышат. Мисалы, Экономика жана менеджмент институтунда бонустук система иштейт. Окутуучулар ондон ашык критериейлер боюнча ар кандай бонус алышып, ошого жараша маяналары дагы ар кандай деңгээлде болот.

Мындан тышкары, университеттеги илимдин кандидаттарына 3 миң сом, докторлоруна 6 миң сом кошумча акы төлөнөт. Университеттин администрациясы менен эмгек жамаатынын “Жамааттык келишимдин” негизинде илимдин кандидаттыгын коргогондорго 30 миң, илимдин докторлугун коргогондорго 50 миң сом өлчөмдөгү бир жолку стимулдаштыруучу төлөм берилет. Жогоруда белгилеп кеткендей, профессорлук жана доценттик үчүн төлөмдөр дагы бир ставкага 3000 жана 2000 сом өлчөмүндөгү кошумча акы каралууда. Булардан сырткары окутуучуларды моралдык  жактан колдоонун  бир нечелеген формалары дагы бар.

  -Мындай татаалдашкан системаны кантип жөнгө салып, окутуучулардын эмгек маянасындагы айырмачылыкты кантип аныктап турасыңар?

-Бул иштин бардыгын кафедра башчылары менен факультеттин декандары жана институттардын директорлору өзүлөрүнүн окутуучулар жамааты менен чечип, факультет, институттун Окумуштуулар кеңешинде бекитип туруп, чечимин ректоратка аткарууга берет. Ректорат ошону гана аткарат. Университетте ар бир курамдын өзүнүн субсчету бар. Ар бир курамдын жетекчиси окуу жылы башталганда курамдын киреше жана чыгаша сметасын түзүп, анын ичинде айлык акы фондун аныктап туруп ректоратка жөнөтөт жана анын жыл ичинде аткарылышын көзөмөлдөп турат. Ушунун ичинде факультет же институттун ар бир окутуучусунун айлык акысы каралат. Башкача айтканда, силер айткан маселелерди факультет жана институттар өзүлөрүнүн атайын эсеп боюнча чогулткан каражатына жараша чечишет. Ректорат ошону гана аткарат.

-ЖОЖ окутуучуларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу маселеси дагы каражатты арбын талап кылат эмеспи. Бул иш кандай каржыланат?

-Бул ишти университеттин атайын эсебинен бөлүнгөн каражаттар жана гранттар менен колдоп турабыз. Булар илимий иш сапарлар, стажировкалар, эл аралык рейтингдик илимий басылмаларга жарыялана турган макалаларды каржылап берүү, адистик чеберчилигин жогорулатуучу курстардын төлөмдөрүнө көмөк көрсөтүү иштери. Мисалы, 2017-жылы эле окуу жайдын 60тан ашык окутуучулары жана кызматкерлери университеттке берилген чет өлкөлүк гранттардын негизинде алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдө иш сапарда болуп келишсе, 50дөн ашык кызматкерлери менен окутуучулары окуу жайдын өзүнүн каржылоосунун негизинде илимий жана квалификациясын жогорулатуучу иш сапарларда болуп келишти.

-Сиздин оюңузча, кыргыз-совет университетиндеги эмгек акы төлөө менен азыркы эмгек акы төлөөнүн ортосунда айрыма барбы жана анын билим берүү сапатына таасири кандай?

-Айырма бар эмей. Кыргыз-совет окутуучусунун бир ставкасы 600-700 сааттан, профессор-кафедра башчысыныкы 400-600 сааттан турса, азыркы окутуучунуку 850-900 сааттан, профессордуку орточо эсеп менен 700 сааттан турат.    Айлыктын аздыгынан улам азыркы окутуучулардын көпчүлүгү  1.5 ставка менен иштегендиктен окутуучулар 1300-1500 саат, профессорлор 1000-1200 саат аткарууга туура келет. Белгилеп кете турган нерсе, падышалык Россиядагы профессорлор жумасына 4-8 саат сабак өтсө, советтик профессорлор 12-14 саат сабак өтүшкөн. Ал эми азыркы профессорлор бир жумада орточо эсеп менен 17-21 саат сабак өтүшөт.

Албетте, бул нерсе окутуучулардын билим берүү сапатына терс таасирин тийгизип келүүдө. Ошондуктан, биздин университетте, биринчиден, окутуучулардын ставкасын 1.5 ченинен азайтуу, кафедра башчылары менен декандардыкын 0.5 ченинен жана ректорат мүчөлөрүнүкүн 0.3 ченинен ашырбоо каралган. Экинчиден, окутуучулардын башка окуу жайларда иштөөсүн чектөө маселелери катуу коюлууда. Ошол эле учурда, ушундай чаралардан  улам окутуучулардын маянасынын кемип калышын компенсациялоо үчүн эмгек акыны ар бир жылы индексациялап, көбөйтүү ишке ашырылууда.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер