СЫРДАШЫМ, АЛМАГҮЛ ЭЖЕЙИМ

  • 04.10.2018
  • 0

Бир күнү отуруп эжейиме кат жаздым. Жаздым да, сабактын акырында окуучулар менен коштошуп чыгып бара жатканда эч кимге байкатпай кармата салдым. Ал дагы эч сыр бербестен катты алып чөнтөгүнө салып койду. Бетим чымырап, кызарып чыктым. Бир чети эжейиме батынып ал катты бергениме сүйүнсөм, бир чети андай кат жазганыма уялып жаттым. Бирок ошол кезде эжейим менин жан дүйнөмдөгү алааматты түшүнүп, мага сырдаш, муңдаш боло турган, менин сырымды эч кимге айтпай турган жалгыз адамдай сезилди. Себеби ал катта менин жоопсуз сүйүүм, арманым, жашоого, айланамдагы эң жакын адамдарыма болгон таарынычым, кыскасы, ошол кездеги менин жан дүйнөмдө орун алган бардык сезимдерим камтылган эле. Мен анда 10-класста элем.  Көрсө, өткөөл куракта оюңа келгенди кылат экенсиң да.

Эртеси эжейим класска сабак өткөнү келди. 45 мүнөттө мен эмнени гана ойлогон жокмун, эси дартымдын баары мен жазган катта. Сабак бүтүп коңгуроо кагылганда башка окуучулардын баарын кетирип жиберип мени алып калды. Катта жазылгандардын чоо-жайын сурады. Мен болгонун айтып бердим, ортодо ыйлап да алдым. Көбүнчөсү атама болгон таарынычымды, анын апама жасаган мамилесин айттым. Ал болсо “Бул чоң кишилердин иши, кийлигишпе, өздөрү чечип алышат, андан көрө сен китеп оку, чыгарма жаз, башка нерсе менен алаксы”, — деген кеңешин берди. Мен үйгө үстүмдөн бир оор жүктү алып салгандай эле болуп кайттым. Бирок жолдо дагы бир жолу көз жашы кылып алганга жетиштим.

Ошол күндөн баштап эжейим мага көбүрөк көңүл бөлүп, түрдүү, кызыктуу тапшырмаларды берип, мени алаксытканга, пайдалуу нерсе менен алек болгонго аракет кылып баштады. Өзүм дагы кыргыз тили, адабияты сабагын жакшы көрчүмүн. Анда-мында алымдын жетишинче ыр жазып калчумун. Бир күнү эжейим аңгеме жазып кел деп тапшырма берди. Аңгеме кандай жазыларын деле билбейм, бирок китеп көп окучумун. Китептердин ичинен бирөөнү тандап алып, ичиндеги бир аңгемеге окшоштуруп бир нерселерди чиймелеп бардым. Ошентип жүрүп жайкы каникул башталып, үч айга таркап кеттик.  Кийинки жылы декретке чыгып кетти. Азыр ойлоп көрсөм, ошол кезде эжейим мени туңгуюктан алып чыгып кетүүгө аракет жасап, чыныгы педагогдук, тарбиячылык милдетин аткарыптыр.

Сырдаш эжейим — Алмагүл Муканбетова биздин Жети-Өгүз айылынын келини. Кайсы жылы биздин мектепке мугалим болуп келгенин, бизге канчанчы класстан башап сабак бере баштагынын да жакшы билбейм. Бирок сабакты ушундай сонун суктанарлык кылып өтчү. Адабий пресс конференция, саякат, мелдеш, КВН, диспут, театрлаштырылган сабактарды өтчү. Анын сабагын калтырбаганга, берген тапшырмаларын убагында аткарганга аракет кылчумун. Эсимде, бир жолу Алыкул Осмонов боюнча ачык сабак өтүп калдык. Классташым Гүлзат экөөбүз “Сулууга” деген ырын ырдамакчы болгонбуз. Биринчи куплетин Гүлзат, экинчисин мен ырдамакмын. Ал ичке үн менен, акырын ырдап токтосо, мен экинчи куплетин жоон үн менен, катуу ырдап жиберсем сабакка катышып жаткандардын баары чочуп кетип, кыраан каткы күлгөнбүз.

Тилекке каршы, турмуш-шартка байланыштуу эжейим 2003-жылы Караколго көчүп кетиптир. Биз ал кезде студент элек. Учурда Караколдогу №6 орто мектебинде эмгектенип жатыптыр. Быйыл жайында министрликке жумуштап келип, мага жолуга кетейин деп атайын кириптир. Аны көрүп абдан сүйүндүм. Окуучулук кезим эсиме келди. Өзгөчө кат жазганымды эстеп, уялып кеттим. Чай үстүндө көпкө сүйлөштүк. Кат жөнүндө да сөз болду.

  • Ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылганга туура келет. Бир жолу окуучуларга “апа” жөнүндө дилбаян жазгыла деп тапшырма берсем, бир бала жазган текстин окуп берип жатып, аябай ыйлады. Көрсө, аны апасы таштап кетип чоң апасынын колунда чоңоюптур. Ал чоң апасы дагы жакында эле каза болуп калган экен. Ошондон кийин дагы мындай темаларды козгогондон коркуп калгам, — дейт Алмагүл эжей.

Эжейим өз башынан өткөргөндөрүн айтып берип, мугалимдик эмгек жолундагы ийгиликтери менен бөлүшүп отурду. “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин алыптыр. Бир топ долбоорлор менен иштешип, окуучулары райондук, облустук олимпиадаларда ийгиликтерге жетишиптир.

Сабак өтүүдөгү негизги ыкманы дүйнөлүк насаатчы мугалимдердин иш тажрыйбаларынан, кээ бир эмгектеринен аларын, элдик педагогикага таянып, стандарттуу эмес сабактын типтерин, интерактивдүү методдорду колдонуп өтөрүн айтып берди.

Эжейим алгач балдар бакчасында тарбиячы, андан кийин Ысык-Көл облусундагы Долон  орто мектебинде пионер вожатый болуп иштептир. 1993-жылы КМУнун филология факультетин аяктап, алгачкы мугалимдик эмгек жолун Түп районундагы Кайкин атындагы орто мектебинин лицей класстарына кыргыз тили жана адабияты сабагынан берип баштаптыр. Андан кийин биздин айылга турмушка чыгып, 1995-жылдан баштап Д.Иманов атындагы орто мектепте иштеп калыптыр. Учурда үч кызын татыктуу тарбиялап жатат. Улуу кызы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуп жүрүп билим берүү программасы боюнча Түркияга окууга кетсе, экинчи кызы дагы ушул эле окуу жайдын студенти. Кичүүсү Бишкектеги Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейине быйыл тапшырды. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, кыздары дагы жогорку билим алып, апасындай мугалим болуп, балдарга билим, таалим-тарбия берсек деген аруу тилек менен жүрүшөт.

Ошентип, мектепти бүткөндөн жыйырма жылдан кийин көргөн эжейиме майрам алдында аруу тилектеримди арнагым келди. Ал жөнүндө жылуу сөз жазгым келди. Эжейим чыныгы мугалим. Эгерде ошол кезде мен башка мугалимге ушинтип кат жазсам, мүмкүн ал мага башкача мамиле кылмактыр, мүмкүн кайра мазактап чыкмактыр же ар кимге айтып, менин сырымды жаймактыр. Бирок менин Алмагүл эжейим анткен жок…

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

.

Бөлүшүү

Комментарийлер