СЫЙЛЫК-СЫЙМЫК
- 16.11.2018
- 0
10-ноябрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков илим жана техникага салым кошкон окумуштуу-илимпоздорду сыйлоо боюнча тиешелүү жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, бир катар илимпоздор «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» наамы менен сыйланышты. «Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары» иши үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору Абдырахманов Төлөбек, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору Артыкбаев Мэлс, И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору Курбано-ва Назира жана ушул эле окуу жайдын тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Маанаев Эгенберди сыйланды. “Кут Билим” газетасынын редакциясы сыйлык ээлерин куттуктап, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайт.
Комментарийлер