СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ №60 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 04.07.2018
  • 0

СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ №60 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

№60 кесиптик лицейдин миссиясы:

Окуучулардын жөндөмдүүлүгүн жана талантын өстүрүү аркылуу, инновация жана чыгармачылыкты өнүктүрүү менен сапаттуу билим берүүнү камсыздап, адептик баалуулуктарга ээ болгон, эмгек базарында керектелген, өлкөнүн өзүнүн салымын кошо алган квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо.

№60 кесиптик лицейи 1983-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин №491 буйругу менен Сузак районунун Жар-Кыштак айылында №17 техникалык окуу жайы болуп түзүлгөн.

1984-жылдын 28-февралында Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин №81 буйругунун негизинде №60 техникалык окуу жайы болуп кайра түзүлгөн.

1997-жылдын 24-ноябрында кесиптик техникалык билим берүү башкармалыгынын №38 буйругунун негизинде №60 кесиптик лицейи статусун алган.

Азыркы убакытта окуу жайы төмөнкү кесиптер боюнча жумушчу адистерди даярдайт:

3 жылдык окуу мөөнөтү менен

  1. «Айыл-чарба өндүрүшүнүн устаты» (Фермер) жана С1 категориясындагы автоунаа айдоочу.
  2. «Машина-трактор паркын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча устат (Механик) жана С1 категориясындагы автоунаа айдоочу.
  3. Электр жана газ ширетүүчү, С1 категориясындагы автоунаа айдоочу, окуу мөөнөтү 10 ай.
  4. Тигүү жабдууларынын оператору (тигүүчү), окуу мөөнөтү 10 ай.

Андан сырткары,  3 жылдык окуу мөөнөтү менен окуган студенттерге  орто билим жөнүндөгү аттестат, III разряддагы ширетүүчү квалификациясы ыйгарылат.

Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү курстар ачылып, калкты төмөнкү адистиктер менен окууга чакырат.

Окуу мөөнөтү 3 ай, курс аяктагандан соң

— Электр жана газ менен ширетүүчү, III разряд

— Тигүү жабдууларынын оператору (тигүүчү), III разряд

— Ашпозчу, III разряд квалификация берилип, сертификаттар ыйгарылат.

Биздин диплом, сертификаттар дүйнөнүн 28 мамлекетинде кабыл алынат.

Кабыл алуу комиссиясы.

Окуу жайына тапшырылуучу документтер:

 

  1. Директордун атына арыз.
  2. Маалыматы туурасында күбөлүк (аттестат).
  3. Туулгандыгы туурасында күбөлүк, паспорт.
  4. Медициналык тактама.
  5. 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт
  6. Үй-бүлөсү жана жашаган жери туурасындагы тактама.
  7. Социалдык коргоо күбөлүгү (ОМС);

 

Биздин дарек: Сузак району, Ырыс айыл өкмөтү, Жар-Кыштак айылы. Мамасыдыков көчөсү №16 үй

Студенттер 250 сомдон 400 сомго чейин стипендия жана тамак-аш менен камсыз болот.

Окуу жайында 35 инженердик-педагогикалык кадрлар эмгектенишет, алардын ичинен төртөө «Кыргыз Республикасынын кесиптик техникалык билим берүү отличниги», 10 жогорку категориядагы мугалим-устаттар эмгектенишүүдө.

Ишке ашырылган долбоорлор:

  1. 2014-2015-жылдар 1900980 (бир миллион тогуз жүз миң тогуз жүз сексен сомдук суммадагы Евросоюздун долбоору;

– 6 окуу каанасына мебель (парта, стол, стул, шкаф)         «Зверь» препаратор

— офистик мебель                                                                     — 2 «Makito» болгаркасы

— 3 компьютер ноутбук                                                 — 3 набор инструмент жана ачкыч

— 8 столяр иш столу                                                               — 30 жуп ширетүүгө кол кап

— 4 тигүү машинасы, зигзаг машинасы, закрутка                 — 8 слесардык набор

— свериль станок                                              —  1 вулканизация, ширетүүчү спец кийими

— домкрат – 15 «хамелеон» иштетүүчү маскасы

  1. 2016-2017-жж АБРдин экинчи долбоору алкагында «Повар» курстар үчүн ашкана кайрадан ремонттолуп, кеңейтилди жана жабдууланды. Жалпы суммасы 1 млн.460 миң 292 сом.
  2. 2 млн.55 миң 525 сомдук «Электр жана газ менен ширетүү цехи жабдууланрды жана ремонттолду.
  3. «Электр жана газ менен ширетүүчү» адистиги боюнча жалпы суммасы 137 миң 76 сомдук жана «Повар» адистиги боюнча 43 миң 527 сомдук 660 даана толукталды.
  4. 328 миң 620 сомдук көлөмдө информатика кабинети заманбап техника жана мебелдер менен жабдууланды.
Бөлүшүү

Комментарийлер