«StudExpo – 2024” жарманкесине 150 долбоор катышты

  • 15.04.2024
  • 0

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата уюштурулган «StudExpo — 2024” эл аралык студенттердин эмгек жарманкеси жыйынтыкталды.  Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулган иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандагы 16 жогорку окуу жайда билим алышкан студенттердин 150дөн ашуун долбоорлору катышты.

"StudExpo – 2024” жарманкесине 150 долбоор катышты

Жыйынтыгында программалоо жана мобилдик веб тиркемелер секциясында Кыргыз техникалык университетинин студенттери Самидин Ибраев баштаган команда 3-орунду, ОшМУнун студенти Азизбек уулу Арген 2-орунду, Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин студенттери Найла Абдашева баштаган студенттер 1-орунду ээлешти. Робототехника жана автоматташтыруу секциясында Кыргыз техникалык университетинин студенти Ормон Абышов 3-орунду, ОшМУнун студенти Ажымурат Бурканов 2-орунду, Кыргыз техникалык университетинин студенти Максим Харитонов 1-орунду жеңип алды. 3D моделдештирүү жана моушн анимация секциясында ОшМУнун студенти Абдурахман Ураимов 3-орунду, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Канайым Атакелдиева 2-орунду, ОшМУнун студенти Бакыт уулу Сардалбек 1-орунду ээледи. Илюстрация жана графикалык дизайн секциясында ОшМУнун студенти Айгерим Жороева 3-орунду, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти Жеңишбек кызы Аймээрим 2-орунду, ОшМУнун студенти Мырзабек Токторов 1-орунду багындырды. Байгелүү орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө диплом, медаль, баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле сынакта калыстык кылган эксперттерге, активдүү катышкан ЖОЖдорго ОшМУнун ыраазычылык каты ыйгарылды.

"StudExpo – 2024” жарманкесине 150 долбоор катышты

  • ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган бүгүнкү иш-чара эң жогорку деңгээлде уюштурулду. Университеттен ушундай талантуу студенттер чыга берсин. ОшМУ дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарды ээлешине тилектешмин. Бүгүнкү сынакта өз эмгектерин тартуулаган, идеяларын чындыкка айландырган жаш таланттуу адистер келечекте өлкөбүз үчүн эң керектүү адис болосуңар, баарыңыздарга ийгилик каалайм, — деди калыстар тобунун төрагасы, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Мураталы Жаманбаев.

"StudExpo – 2024” жарманкесине 150 долбоор катышты

Иш-чара ОшМУнун 85 жылдык тарыхын жайылтуу, окуу жай тууралуу коомчулукка маалымат берүү, студенттердин билиминин, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, студенттик демилгелерди колдоо үчүн коомдук жана мамлекеттик ресурстарды топтогон аянтчаны уюштуруу, студенттердин эмгектерин коомчулукка алып чыгуу жана жайылтуу максатында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер