СТУДЕНТТЕР РЕКТОРДУН ҮЙҮНӨ ООЗ АЧУУГА БАРЫШТЫ

  • 13.04.2023
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттерди өз үйүнө ооз ачарга чакырды.

СТУДЕНТТЕР РЕКТОРДУН ҮЙҮНӨ ООЗ АЧУУГА БАРЫШТЫ

Ачык асман алдындагы ооз ачууда студенттер ректордун меймандостугуна, кѳрсѳткѳн аталык камкордугуна чын ыкластан ыраазы болушту. Алар “Манас” университетинен ар дайым өзгөчө жылуулукту, сүйүүнү, бир туугандыкты жана орозо айында береке тартуулаган биримдикти сезип жаткандарын да белгилешти. Айрыкча дасторкон четинде ата-энелери менен видео чалуулар аркылуу ректорду тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанышты. Ата-энелер окуу жайында түзүлгѳн жакшы шарттар жана балдарына көрүлгөн камкордук үчүн Алпаслан Жейлан мырзага ыраазычылыктарын айтышса, ректор “Манас” университетинин эшиги алар үчүн ар дайым ачык экенин билдирди.

СТУДЕНТТЕР РЕКТОРДУН ҮЙҮНӨ ООЗ АЧУУГА БАРЫШТЫ

Ректор Алпаслан Жейлан ынтымак жана биримдик алып келген куттуу Орозо айы – руханий тазаланууга, жакшылык жасоого умтулуу экенин белгилеп: «Түрк маданиятында үйүндө конок тосуу абдан маанилүү бир салт, түрк эли меймандостугу менен бүткүл дүйнөгө таанылды. Биз муну “Манас” үй-бүлөсү катары орозо айында биздин жүрөгүбүзгө жакын болгон студенттерге көргөзүп жатабыз, алардын биринчиси салтка айланып бараткан ачык асман алдында ооз ачуу жѳрѳлгѳсү болду» — деди.

 

                                                           Айзат ТАЛАСБАЕВА,

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер