СПОРТТУН АСКЕРДИК-ПРИКЛАДДЫК ТҮРҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК СПАРТАКИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
- 17.05.2024
- 0
16-майда Бишкекте өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча 9-республикалык спартакиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды.
I орун – Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №24 мектеп-гимназиясынын командасы;
II орун – Нарын облусунун Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы №10 жалпы билим берүү орто мектебинин командасы;
III орун – Баткен облусунун Баткен шаарындагы жатак-мектеп интернатынын командасы
Жеңүүчүлөргө диплом, мугалимдерине ыраазычылык каттар, ошондой эле мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү баалуу белектер берилди.
Бөлүшүү
Комментарийлер