СПОРТ – БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУНА КАРШЫ!

  • 28.10.2022
  • 0

29-30-октябрь күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылында бардык стилдеги каратэ, улуттук спорт оюндарынын беш түрү боюнча ачык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Бардык стилдеги каратэ федерациясынан билдиришти.

Бардык стилдеги каратэ федерациясы жана Бостери айылындагы Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейдин демилгеси менен уюштурулуп жаткан чемпионат “Спорт – балдар кылмыштуулугуна каршы!” акциясынын алкагында өтөт.

Эки күнгө созулган ачык чемпионаттын күн тартибинде Ысык-Көл районунун дене тарбия мугалимдери үчүн дене тарбия жана спортко кызыктыруу темасындагы тренинг жана Х.Жээнбаев атындагы мектептин драматургиялык ийриминин катышуучуларынын “Мектеп рэкетинин проблемалары”, “Кум жээктеги ууру окуучу” деген аталыштагы театрлаштырылган спектаклдери көрсөтүлмөкчү.

Чемпионатка Чүй, Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын жаш спортчулар командалары катышат.

 

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер