СПОРТ БААРДЫГЫ ҮЧҮН: ТЮМЕНДЕГИ БЕЛ БОО КҮРӨШҮ

  • 18.02.2025
  • 0

2025-жылдын 17-февралында  Россиянын Тюмень шаарындагы «Строймаш» спорт комплексинде “Кореш” бел боо күрөшү боюнча Тюмень облусунун чемпионаты жана биринчилиги  болуп өттү. Мында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоду.

СПОРТ БААРДЫГЫ ҮЧҮН:  ТЮМЕНДЕГИ БЕЛ БОО КҮРӨШҮМөрөй талашуу Тюмень облустук бел боо күрөшү федерациясы менен “Кореш” уюму тарабынан уюштурулган. Мелдешке «Тюмень облусунун бел боо күрөшү федерациясы» аймактык спорттук коомдук уюмунун өкүлдөрү да катышты. Турнир экстремизмге, коррупцияга жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча федералдык комитеттин Тюмень облусу боюнча жаштар саясаты боюнча атайын бөлүмүнүн башчысы Амир Кодоевдин жетекчилиги астында болду. Күч сынашууларга кыргызстандык 16 жаш спортчу катышып, өлкө намысын татыктуу  коргоду.

СПОРТ БААРДЫГЫ ҮЧҮН:  ТЮМЕНДЕГИ БЕЛ БОО КҮРӨШҮБел боо күрөшү боюнча Тюмень облусунун курама командасынын улук машыктыруучусу Кыргыз Республикасынын спорт чебери Нияз Исаков жана анын шакирти, спорт чебердигине талапкер Самат Кенжеалы уулу даярдаган жаштар үчүн сыноо, тажрыйба топтоо болду. Жыйынтыгында 65 кг. салмакта кыргызстандык Элдияр Кушубаков бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, мелдештин жеңүүчүсү аталды.  60 кг салмакта Искен Айталиев финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. 75 кг салмакта дагы Али Чыныбай уулу финалга чейин жетип, экинчи орунду камсыз кылды.

Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер Кенжеалы уулу Самат 90 кг салмакта үчүнчү орунду ээледи.  Ошондой эле 105 кг оор салмактагы Теймуров Руслан оглы  коло медаль тагынды.

Турнир аяктагандан кийин дароо Амир Кодоев жетектеген  анын командасы Екатеринбургда өтө турган бел боо күрөшү боюнча Россиянын кубогуна даярдык көрө башташты.

СПОРТ БААРДЫГЫ ҮЧҮН:  ТЮМЕНДЕГИ БЕЛ БОО КҮРӨШҮ2023-жылы Тюмень облусунун коомдук палатасынын мүчөсү, Сибирь татарларынын Тюмень улуттук-маданий автономиясынын жетекчиси  Динар Абукин менен  Бел боо күрөшү федерациясы менен келишим түзгөн.

Бир нече жылдан бери Тюмень облусунда Динар Абукин  улуттук спорту – бел боо күрөшүн өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүп келет. Ал  Тюмень облусунда өткөн Кореш чемпионатына жана биринчилигине  келип,  жаштардын аракетине абдан ыраазы болду.

«Акыркы жылдары биздин аймакта  бел боо күрөшүнө кызыгуу жигердүү өсүүдө. Бул жакшы жөрөлгө. Спорттун бул кызыктуу түрүнө ар  улуттун өкүлдөрү, жаштар барган сайын көбүрөөк катышып жатканы мени абдан кубандырат.  Көйгөйлөр дагы жок эмес. Бел боо күрөшү федерацияларынын спорттук базасы үчүн жайлар, имараттар керек. Биз эки жылдан бери бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз, бул маселе жакын аралыкта чечилет деп ишенем. Турнирдин уюштуруучуларына, катышуучуларга жана алардын ата-энелерине спорттун бул сонун түрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем!»- деди Динар Абукин.

СПОРТ БААРДЫГЫ ҮЧҮН:  ТЮМЕНДЕГИ БЕЛ БОО КҮРӨШҮТюмень облусунда кыргызстандыктардын башын бириктирип, демилгелерди колдоого алып жүргөн  Амир Кенжебаевич Кодоев  2008-жылы Тюмень мамлекеттик дене тарбия университетин бүтүргөн.  Ошондой эле бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп, жаштарды машыктырган.  2022-жылы Бел боо күрөшү федерациясын расмий ачып, бул спорттун өнүгүшүнө да салым кошуп келүүдө.  Бел боо күрөшү боюнча Тюмень облусу боюнча улуттук курама команданы түзүп, учурда жаштарды  улук машыктыруучусу, бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Исаков Нияз Туратбекович  менен  спорт чеберине талапкер  Кенжеалы уулу Самат машыктырып, өлкөбүздүн намысын коргоп келатышат.

Алардын экстремизмге, коррупцияга жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча аракеттери, жаштарды баңги заттардан жана жаман адаттардан алыс кылып, спорт менен машыктырып, сергек жашоого үндөп жаткандары  кубандырат.

 Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер