ШААРДЫК ИЗИЛДӨӨ ИШИ — 2024
- 17.04.2024
- 0
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан окуучулар арасында изилдөө иши боюнча сынак болуп өттү.
Сынакта Т. Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясы үчүн жемиштүү болду. Себеби мектеп ичинен сунушталган окуучулардын, мугалимдердин эмгектери байгелүү орундарга ээ болду.
Жыйынтыгында, 7-“а” класттын окуучусу Жаштилеков Сыргабек “Жарык үй” менен1-орунга чыкса (жетекчиси Жапарова Назик Токтогуловна), 2-орунду 10-“б” класттын окуучулары Иманбаев Аким, Нурмаматова Медина, Токонова Эркайым, “Чегиртке-food” (жетекчиси Аида Жээнбек кызы) камсыздашты, ал эми 10-“а” класстын окуучусу Келгенбаев Бекзат “Пневматикалык курал” иши боюнча 3-орунга (жетекчиси Ботойева Анипахан Эргешовна), ошондой эле 7-“в” класттын окуучулары Урманаев Алмазбек, Аманов Нурдан “Ак илбирсти коргоо” анимациялык тасма үчүн 3-орунга чыгышты (жетекчиси Оморов Моӊол Жалгашбекович).
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер