СЕГИЗ МАМЛЕКЕТТИН СТУДЕНТТЕРИ ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫН БИЛИМ АЛУУСУН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 19.06.2020
  • 0

Кыргызстандын студенттери инклюзивдүү билим берүүнү уюштуруу көйгөйүнө арналган  «Баарыбыз инклюзия үчүн» аталышындагы II Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Иш чарага Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия, Украина, Улуу Британия, Италия жана Кыргызстандан (182 студент) студенттер катышты.

Конференцияда пандемия шартында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөөдө заманбап технологияларды, атайын педагогикалык ыкмаларды, жаңсоо тилин, нейропсихологияны колдонуу талкууланды. Катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү инклюзивдүү билим берүүнүн абалы тууралуу айтып беришти. Инклюзия идеясында иштеген мектептердеги логопеддик, угуу жана коррекциялык жумуштардагы кетирилген теориялык жана практикалык кемчиликтер көрсөтүлдү.

Жыйындын соңунда уюштуруу комитети чакырылган эксперттер жана конференциянын катышуучулары менен биргеликте Резолюция кабыл алды. Катышуучулардын докладдары сертификат менен белгиленди. Конференциянын жыйынтыгы менен атайын жыйнак чыгарылмай болду.

Иш чара «Сорос-Кыргызстан» фондунун жана Борбор Азиядагы Евразия фондунун техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер