“САПАТ” БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ӨЗ ИШИН УЛАНТАТ

  • 09.01.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемелери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Буга чейин кабарлангандай, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынган.

“Маариф” эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт.

Тарбиячылар жана мугалимдер мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер