САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” СЫНАГЫНА ЧАКЫРАТ

  • 16.02.2018
  • 0

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУ  “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” СЫНАГЫНА ЧАКЫРАТ

1-орунду ээлеген жеңүүчү мугалимге САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН СЫЙЛЫГЫ – Москва шаарындагы атактуу театрларды, дүйнө жүзүнө таанымал музей жана галереяларды, белгилүү архитектуралык кооз жайларды жана башка байыркы шаардагы кызыктуу жайларды кыдырууга 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат ыйгарылат.

1, 2, 3-орундарды ээлеген сынактын жеңүүчү мугалимдери класстагы окуучулары менен бирге САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН АТАЙЫН СЫЙЛЫГЫ – Бишкек шаарындагы кызыктуу маданий-маалымат арттыруучу маданий жайларга, балдардын куурчак театрына гид менен бирдикте 1 күндүк экскурсияга келишет.

Сынактын БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫ сертификат алышат.

Быйылкы, 2018-жылы сынак 7-жолу өткөрүлөт. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” сынагына катышуу үчүн төмөнкү шарттарга шайкеш келүү керек:

  • Кыргыз Республикасынын АЙЫЛДЫК МЕКТЕБИНИН мугалими болуу
  • БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН мугалими болуу

Эгерде Сиз айылдык мектептин башталгыч классынын мугалими болсоңуз анда төмөнкүгө көңүл буруңуз:

  1. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2018” СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУН кунт көңүл коюп окуп чыккан соң, СЫНАКТЫН ЖОБОСУНДА БЕЛГИЛЕНГЕН тема боюнча дилбаян жазуу;
  2. АРЫЗДЫН формасын толтуруу;
  3. Мектептен Сиз бүтүрүп чыгарган окуучуларыңыздын ТАБЕЛИНИН жана ОШОЛ ЭЛЕ ОКУУЧУЛАРЫҢЫЗДЫН предметтик мугалимге бергенден кийинки бир жылдык ТАБЕЛИНИН көчүрмөсү;
  4. УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНЕ жогорудагы материалдарды (дилбаян, арыз жана табелдер) почта же электрондук дарек боюнча салып жибериңиздер. Дареги СЫНАК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОДО бар.

Мугалим 2018-жылдагы сынак жөнүндө маалыматтарды кайдан ала алат? СЫНАК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОНУ жана АРЫЗДЫН формасын төмөнкү маалымат булактарынан аласыздар:

  • Материалдар Фонддун сайтында жарыяланган: www.daniyarov.kg. Билим берүү/Биринчи мугалим/ баракчасынан катышуучулар үчүн керектүү материалды жүктөй аласыздар.
  • Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнө же облустук билим берүү институттарына/облустук методикалык борборлорго кайрыла аласыздар. Фонд бул мекемелерге электрондук дарек боюнча сынактын бардык материалдарын жөнөткөн.
  • Андан тышкары, төмөнкү электрондук дарек аркылуу фондго кат жазсаңыздар да болот: [email protected]

Маалыматтарды 0550 077905; 0772 804608; 0700 362407 телефондоруна чалып, же төмөнкү электрондук дарек боюнча ала аласыздар: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер