САНАРИПТИК ДООР: ТЕХНОЛОГИЯ — КУРАЛ, МУГАЛИМ — ЖОЛ КӨРСӨТҮҮЧҮ
- 13.04.2026
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинде заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган ири иш-чара Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу Жарлыгынын алкагында уюштурулду.

«Билим берүү системасын санариптик трансформациялоодо жаңы технологиялардын ролу жана инновациялык окутуу стратегиялары” аталашындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын негизги максаты — билим берүү тармагындагы санариптик өзгөрүүлөрдү талдоо, жаңы технологиялардын ролун аныктоо жана инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу аркылуу билим сапатын жогорулатууну көздөдү. Конференция билим берүү системасын модернизациялоо, санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүү жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу маселелерине арналды.
Университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева конференцияны ачып жатып, өз сөзүндө санариптештирүү жөн гана тренд эмес, замандын талабы экенин белгиледи.

— Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү санариптештирүү жаатында ылдам өнүгүп жаткан учурду баштан өткөрүп жатабыз. Жалпы билим берүү системасында жаңы технологиялар чоң мааниге ээ болууда. Биздин бүгүнкү талкуубуз — санариптик технологиялар жана инновациялык окутуу билим берүү процессинде кантип өз ара үндөшүп, таасирдүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн экендигин аныктоо. Кыргызстанда акыркы жылдары билим берүү тармагынын ылдам өнүгүшү, мектептик билим берүүнүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүүсү — бул жалпы билим берүү системасын модернизациялоодогу маанилүү кадамдардын бири. Билим берүү тармагы глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында өнүгүп, санариптик технологиялар анын ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Жаңы технологиялар билим берүү процессин модернизациялоого, окутуунун сапатын жогорулатууга жана билимге жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Бул өз кезегинде окутуунун мазмунун жаңылоону, инновациялык ыкмаларды активдүү колдонуу менен жаңы форматтарды ишке киргизүүнү талап кылат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө билим берүүдө жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү күч алып жатат. ЖИ негизинде иштеген программалар студенттердин жеке муктаждыктарына ылайыкташтырылган кеңештерди жана окуу ыкмаларын сунуштап, билим алуу процесстерин терең анализдеп, ийкемдүү жана өзгөчөлөнгөн окуу ыкмаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биз ушул өзгөчөлүктөрдү эң сонун пайдаланууга жана жаштарды келечекте ийгиликтүү лидерлер жана адистер катары даярдоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрөбүз. Бирок бардык жетишкендиктерге карабастан, эскертип кетүү керек, технологиялар — бул жөн гана курал. Билим берүү процессинде негизги ролду аткартып, балдарды багыттап, колдоп, шыктандырып, аларга жол көрсөтүп турган мугалимдер болуп калат. Ошондуктан биз мугалимдерибизди даярдоого, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана инновациялык ыкмаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл буруп келебиз, — деди ректор. — Акырында, санариптик технологияларды билим берүүдө интеграциялоо — бул жөн гана тренд эмес, келечектеги муундарды, коомду, мамлекетти түптөгөн маанилүү кадам болуп саналат. Ар бирибиздин өз ара кызматташтыгыбыздын, тажрыйба алмашуубуздун жана идеялар менен бөлүшүүбүздүн натыйжасында гана өнүккөн билим берүү системасын түзө алабыз.
Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева мектептерде санарип технологияларды колдонууда кыйынчылыктар бар экенине токтолду. Көпчүлүк мугалимдер дагы деле онлайн сабактарды кадимки лекция түрүндө өтүп, санариптик инструменттерди (аналитикалык программаларды) толук өздөштүрө электиги белгиленди. Сингапур сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы мисалга келтирилип, мугалимдер 3-5 жылда бир эмес, күн сайын, үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүп турушу керектиги баса белгиленди.

— Онлайн сабактарды уюштурууда алдыда бараткан мугалимдер бар, бирок ошол эле учурда онлайн сабактарды кадимки лекциядай өткөргөн учурлар жок эмес. Көбүнчө мугалимдер жөнөкөй программаларды пайдаланып, ошону менен баалоолорду дагы жүргүзүшөт. Дүйнөлүк алкакта мугалимдин билим берүү сапатына басым жасалат. Алсак, Сингапурда мугалимдер тынымсыз, үзгүлтүксүз өнүгүүнүн үстүндө иштешет. Бизде дагы бул багытта иштер жүрүп жатат, бирок көп мугалимдер 3-5 жылга квалификациямды жогорулатып койдум, сертификат бар, ошол жетиштүү деген түшүнүктөн алыс кете албаган учур жок эмес, — деди депутат.
Иш-чарада төмөнкү багыттар боюнча баяндамалар жана талкуулар жүргүзүлдү:
— Коомдук-гуманитардык илимдердин санариптик трансформациясы: билим берүү, илимий изилдөө жана коомдук коммуникациянын жаңы моделдери;
— Жаңы педагогикалык ыкмалардын негизинде тарбиялоо процессин модернизациялоо: активдүү окутуу технологияларын колдонуу, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана этнопедагогикалык баалуулуктар аркылуу кесиптик компетенцияларды калыптандыруу;
— Башталгыч класстарда табигый илимдерди окутууда санариптик технологиялардын негизинде окуучулардын илимий түшүнүктөрүн калыптандыруу;
— Заманбап билим берүү системасында жаңы технологиялар жана инновациялык окутуу методдорунун интеграциясы: теориялык-методологиялык негиздери жана практикалык аспектилери.
Конференциянын жүрүшүндө пленардык жыйындар, секциялык отурумдар, мастер-класстар жана тегерек столдор уюштурулду. Катышуучулар тажрыйба алмашып, заманбап билим берүү тенденцияларын талкуулап, практикалык сунуштарды иштеп чыгышты.
Бул иш-чара билим берүү тармагындагы адистер үчүн өз ара кызматташтыкты чыңдоого, жаңы идеяларды жаратууга жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча сунуштар топтому кабыл алынып, билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү кадамдар сунушталды. Катышуучулар билим берүү системасын санариптик трансформациялоо Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү багыты экенин белгилешти. Жаңы технологияларды эффективдүү колдонуу жана инновациялык окутуу стратегияларын киргизүү аркылуу улуттук билим берүү системасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү мүмкүн экендиги баса белгиленди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер