“САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ– ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ»

  • 25.08.2020
  • 0

24-августа Кара-Көлдө мугалимдердин август кеңешмеси учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форматта өттү.

“САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ– ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ"

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б. Мырзалиева кеңешмени ачып, Кара- Көл шаарынын вице мэри Г.Ө.Сатаровага жана Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Б.Н. Кыргызалиевге куттуктоо үчүн сөз берди.

Шаардык кеңештин атынан төрага   Б.Н. Кыргызалиев предметтик олимпиаданын республикалык турунда окуучусу биринчиликти багындырган шаардагы №3 Фрунзе атындагы орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими Э.М. Адегамованы “Кара-Көл шаарынын мыкты инсаны “ медалы менен сыйлады.

“САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ– ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ"

Ушул эле мектепке тарбиялык иштеги активдүүлүгү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин Ыраазычылык каты тапшырылды.

Август кеңешмесинде шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева “ Билим берүү кечээ, бүгүн жана эртең“ деген темада баяндама жасап, өткөн 2019-2020 – окуу жылындагы алгылыктуу иштерди мисал кылуу менен, жаңы 2020 -2021- окуу жылында аткарыла турган иштерге токтолду.

-Дистанттык окутууда ата -эненин ролу эбегейсиз, анткени ата-эне — мектеп — окуучу үчилтиги тыгыз байланышта болмоюнча, дистанттык окутуу максатына жетпейт деп ойлойм. Ата-энелерди, өзгөчө энелерди окутуу менен гана аралыктан окутууну жакшы жолго койсок болот. Бизде азыр 150 класс жетекчи бул жооптуу ишке тартылган, — деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б. Мырзалиева.

“САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ– ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ"

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук кабинеттин башчысы А.К. Каракозуева мектепке чейинки билим берүүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик билим берүү стандарты менен катышуучуларды тааныштырып өттү.

“САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ– ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫ"

Метод кабинеттин башчысы 4-чейректеги дистанттык окууга баа берип, ар бир билим берүү мекемесинин рейтингин чыгарды.
Андан ары докладчы сабактарда мультимедиялык технологияларды колдонууга жана педагогдордун МКТ жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган вебинарлардын сериясы жазылган план менен катышуучуларды тааныштырды.

— Окуу-усулдук кабинет 30-августка чейин күнүгө дистанттык окутууда колдонула турган МКТнын онлайн инструменттерин мугалимдерге үйрөтүүнү пландап жатат, — деди ал.

Окуу-усулдук кабинеттин методисти Ы.К. Молдомусаева “Санарип мугалим “ аттуу бир айлыктын алкагында шаардагы ар бир мугалимге, ошондой эле  ата-энелерге  да класс жетекчилер тарабынан вебинарлар өткөрүлүп жатканын белгиледи.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер