“САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДООРУНДАГЫ ЛИНГВИСТИКА”

  • 27.10.2022
  • 0

“САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДООРУНДАГЫ ЛИНГВИСТИКА”

26-октябрда К. Тыныстанов атындагы ЫМУда залкар инсан, көрүнүктүү лингвист, филология илимдеринин доктору, профессор Ж. Жусаевдин атына арналган «Санариптешүү доорундагы лингвистика» аттуу  эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

“САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДООРУНДАГЫ ЛИНГВИСТИКА”

Окуу жайдан кабарлашкандай, иш-чара филология факультетинин чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары  менен магистранттары кызыктуу макалалары менен катышты. Австриянын илимдер академиясынын доктору Катерина Акермандын баяндамасы окумуштуулардын жана студенттердин арасында кызуу талкууга алынды. Ал эми Б. Городовиков атындагы Калмык мамлекеттик университетинин герман филология кафедрасынын доценти, п.и.к Дальдинова Эльза Очир-Горяевнанын «Структурная характеристика немецкоязычных сайтонимов» темасындагы макаласы санариптешүү доорунун актуалдуу маселесин камтуу менен конференциянын темасына төп келген мыкты баяндамалардын бири болду.

“САНАРИПТЕШТИРҮҮ ДООРУНДАГЫ ЛИНГВИСТИКА”ЫМУнун студент, магистранттары да мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбай, өз макалалары менен конференцияга катышып, изилдеп жаткан иштерин ортого салып, пайдалуу пикирлерди чогулта алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер