«САНАРИПТЕШТИРҮҮ АРКЫЛУУ АЙЫЛДЫК ЖАМААТТАР ҮЧҮН АЧЫК-АЙКЫН КЕЛЕЧЕКТИ КУРУУ»

  • 20.04.2023
  • 0

2023-жылдын 23-апрелинде «Санариптештирүү аркылуу айылдык жамааттар үчүн ачыкайкын келечекти куруу» долбоорунун алкагында Ош  мамлекеттик университетинде өтө турган  Е-BILIM FEST  фестивалынын алкагындаСанарип 50+”, “Үчтөн кийин кечдемилгелери жанаБешке чейин үлгүрдолбоорунан  мастеркласстар уюштурулат.

"САНАРИПТЕШТИРҮҮ АРКЫЛУУ АЙЫЛДЫК ЖАМААТТАР ҮЧҮН АЧЫК-АЙКЫН КЕЛЕЧЕКТИ КУРУУ"

Е-билим FEST  максаты — жарандарды  Кыргызстандын билим берүү системасында санариптештирүү процессиндеги  акыркы жылдары ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу. Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта уюштурулду.

Билим берүү тармагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып көптөгөн санарип демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырып келген: “Санарип50+”, “Үчтөн кийин кеч” социалдык тармактардагы ата-энелер үчүн платформа, “Менин компьютерим” электрондук китеби, “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси, “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” аудиокитеби, “Биз мектепке барабыз” аудиокитеби, “Үчтөн кийин кеч” аудиокитеби, “Бешик ырлары” аудио топтому кенже курактагы наристелерден тартып улуу муундагы жарандарыбызга географиялык жайгашууга карабастан пайдалуу билим алууга шарт түзүп келүүдө.

Е-билим FEST алкагында “Санарип 50+” демилгесинин координатору Бекжан Оторов мастер-класста улуу муундун адамдарын смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга, финансылык сабаттуулуктун негиздерине, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн электрондук капчыктарын пайдаланууга үйрөтөт.

Социалдык тармактардагы «Үч жаштан кийин кеч» демилгесинин координатору Салтанат Адылбек эрте жаш курактагы наристелерди тарбиялап, өстүрүү маселелери боюнча ата-энелердин билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандырууга “Үчтөн кийин кеч” баракчаларынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жана Фонддун санарип продуктуларын колдонуу боюнча мастер-класс өтөт.

“Бешке чейин үлгүр” тиркемеси тууралуу долбоордун координатору Асель Джакыпбекова ата-энелерге санарип платформасын колдонуу боюнча мастер-класстын алкагында интерактивдүү оюндарды өтөт. Колдонмодогу кеңештер жана иш-чаралар акыркы илимий изилдөөлөргө жана жергиликтүү каада-салт, маданиятка негизделген.

Ошондой эле Е-BILIM FEST алкагында “Илимдеги кыздар” долбоорунун менторлору Робототехника, «3D басып чыгаруу», “Brain-chip”, “Санарип мугалим”, “Мугалимдерди санариптик технологиялар менен тааныштыруу жана окуу процессин жакшыртуу”, “Эмне үчүн жасалма интеллект”, “Анимациялык мультфильм индустриясы кандай иштейт?”,   “Компьютердик кызматтын лайфхагы”  боюнча көргөзмө мастер-класстар өтүшөт. Иш-чаранын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду чыгарган балдар үчүн китептердин жарманкеси уюштурулат.

“Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечекти куруу – DigiKonush” долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланат жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору  жана CGI “Лидер” бейөкмөт уюму (Кыргыз Республикасы) тарабынан ишке ашырылган.

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер