«САНАРИП КАМПА» ПЛАТФОРМАСЫ ПИЛОТТУК РЕЖИМДЕ ИШТЕЙ БАШТАДЫ
- 11.01.2025
- 0
«Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы табигый предметтер (STEM) боюнча кошумча окуу материалдарын камтыйт. Ал 5-11-класстарга арналган.
Платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан. Платформа төмөндөгүлөрдөн турат:
• Видеосабактар;
• Презентациялар;
• Интерактивдүү симуляторлор;
• Инфографика;
• 3D-моделдер;
• Тесттик көнүгүүлөр.
Мугалимдер платформаны колдонуу менен берилген тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөп, жыйынтыктарды баалай алышат. Окуучулар болсо темаларды өз алдынча үйрөнүп, тесттер аркылуу билимин текшере алышат. Бул мугалим менен окуучунун ортосундагы карым-катышты жакшыртып, окуу процессин өркүндөтүү үчүн кайтарым байланышты камсыз кылат.
Мугалимдер платформадагы маалыматтарды колдонуп эле тим болбостон, өздөрү да жаңы сабактарды даярдай алышат, жасалма интеллекттин жардамы менен автоматтык түрдө тесттерди түзүүчү системаны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Белгилей кетсек, платформанын негизинде жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт.
Платформа пилоттук режимде иштеп жатканына байланыштуу толуктоо, өзгөртүү киргизүү максатында колдонуучулардан сунуш-пикирлер алынат. Ал үчүн платформанын (https://stem.edu.gov.kg/) ичиндеги «Пикир билдирүү» бөлүгүнө комментарий калтырса болот.
Аталган санариптик билим берүү платформасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында иштелип чыкты.
Комментарийлер