СҮЙҮКТҮҮ МЕКТЕБИМ – ГҮЛДӨГӨН МЕКЕНИМ!

  • 01.09.2025
  • 0

Кыргызстанда 2 394 мектепте 1 млн 536 миң 633 бала билим алат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев билдирди.

СҮЙҮКТҮҮ МЕКТЕБИМ – ГҮЛДӨГӨН МЕКЕНИМ!

Анын айтымында, анын ичинен 2 170 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 224 жеке менчик мектеп болуп саналат.

— Жеке менчик мектептердин көпчүлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жайгашкан. Учурда 93 миңден ашуун мугалим жайкы эс алуудан кийинки жаңы окуу жылында өз ишин баштады. 1-2-класска каттоо боюнча айта кетсек, ушул убакытка чейин региондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилген тапшырыкка ылайык, 306 миң 413 орун түзүлгөн. Анын ичинен 1-класска 147 миң 218, ал эми 2-класска 159 миң 195 орун болгон. Учурга чейин мектепке кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлүп, 1-2-класска окуучулар кабыл алынды,- деди Сыдыбаев.

1-сентябрь — Билим күнүндө республиканын бардык жалпы билим берүү мектептери окуучулар үчүн өз эшигин ачты. Агартуу министрлиги тарабынан сунушталган атайын темалардын негизинде, т.а. “Билим кени – мектебиме келемин!”, “Ким болгум келет, жаңы мектеп кандай жардам берет?” ж.б.у.с. окуучуларга тарбиялык сабактар өтүлдү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер