ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСКЕ АЛЫНСА

  • 12.01.2021
  • 0

Жыл жаңырар алдында Сокулук районунун Токбай айылында пайдаланууга берилүү алдында турган билим берүү комплексинде өрт чыгып, бала бакчага ылайыкталган корпусу күйүп кетти. Өрт электр зымынын кыска чыңалуусунан улам келип чыккан.

Бул комплекс «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан эки жыл мурун курулуп бүткөн. Бирок  Билим берүү жана илим министрлигинин балансына 2020-жылдын этегинде гана өткөрүлүп берилген.

Комплекстин курамында 250 орундук жатакана, фельдшердик-акушердик пункт, жабдылган тигүү жана эмерек цехтери менен окуу комплекси, компьютердик класс, китепкана жана от казандар бар. Алгач бул комплексти кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси катарында пайдалануу сунушталган. Бирок Токбай айылында толук орто мектеп жок болгондуктан, айыл элине берилип,  буга чейин кошуна айылдарда окуп жаткан 350дөй жергиликтүү окуучу кабыл алынып, ачылуу алдында турган.

  • Мектепке директор дайындалып, мугалимдер, окуучулар кабыл алынып, ачылуу алдында турган. Тилекке каршы, минтип кырсыктап калды. Имарат жеңил конструкция менен салынгандыктан шыбы тез эле күйүп түшүп калды. Өрт өчүргүчтөр убагында келгени менен эч нерсеге үлгүрө алышкан жок. Ошол күнү айылда түшкү саат 12лерде он мүнөткө свет өчүптүр. Кайра күйгөндө эле бала бакча кылалык деп жаткан имаратынын электр зымынан кыска чыңалуу болуптур. Дагы жакшы ичинде балдар жокто күйдү. Болбосо балдарды алып чыгууга дагы үлгүрбөй калмак экенбиз, анткени он мүнөттө эле от жалмап койду. Азыр башка корпустарын деле ача берсек болмок. Бирок ата-энелер мектепти кооз болгону менен коопсуз экен деп балдарын жибербей коюшту. Эми айыл өкмөтү кийинки окуу жылына чейин шыбынын баарын алмаштырып чыкканы калды. Буюрса, сентябрда кайра ачабыз, — дейт Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаева.

 

ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСКЕ АЛЫНСА

САКТАНСАҢ КУДАЙ САКТАЙМ ДЕЙТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын офицери, майор Муканов Аскаттын айтымында, бул комплекс жаңы эле пайдаланууга берилип жаткандыктан кызматкерлери өрттүн алдын алуу, сактануу боюнча көрсөтмөдөн өтө элек болчу.

  • Негизи кандай гана имарат салынбасын, алгач өрт коопсуздугу боюнча талаптардын аткарылышын карайбыз. Алдын ала талаптарды коебуз. Билим берүү мекемесинин коридорунун аянты балдардын санына жараша болушу керек. Мисалы, дүрбөлөң болгондо канча квадрат метрди ээлешет? Коридордун башынан ар бир класстан жыйырмадан бала чыгып, эшикке чуркаганда бири-бирин тебелеп кетпегидей болушу керек. Анткени алардын баары эшикке жеткенче жүздөн ашат, топтолуп калат да, эшиктен чыга албай калышат. Талап боюнча ар бир имаратта балдардын санына жараша эвакуациялык эшиктер, тепкичтер болушу керек. Баары бүткөндөн кийин беш-алты структурадан экспертизадан өтүшөт, — дейт Аскат Муканов.

ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгы билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугу боюнча үгүт-насаат иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Алар тарабынан ар бир мекемеде ыкчам карточкалар түзүлөт. Карточкага ошол имаратта иштеп жаткан кызматкерлердин, окуучулардын, балдардын же студенттердин жалпы саны, интернаттар болсо түнкүсүн жата тургандардын саны толук жазылат.  Ошого жараша ар бир мекемеге атайын адистер барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мисалы, куткаруучулар барганда өрт чыкканда күжүрмөн эсеп боюнча канча окуучу бар экенин, канчасын куткаруу керектигин билиши керек болот.  Өрт өчүрүүчү техника дагы өрт чыккан имараттын көлөмүнө жараша жөнөтүлөт.

 

ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСКЕ АЛЫНСА

ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ КЫРСЫКТЫН АЛДЫН АЛАТ

  • Билим берүүчү мекемелерде түшүндүрүү иштери август айында башталат. Себеби ремонт учурунда электр зымдары, шаймандары алмаштырылат. Алар туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ошолор дагы өрткө себепкер болот. Бизден башка Экотехинспекция да барат.

Өрт коопсуздугу боюнча мугалимдерге дагы, окуучуларга дагы инструктаж өтүлөт. Өрттүн алдын алуу боюнча машыгуучу сабактар да бар. Аны менен гана чектелип калбастан, мектептер арасында түрдүү сынактар да өткөрүлөт. Бала бакчалардагы балдар, окуучулар үчүн өрт өчүрүүчү кызматка экскурсия да уюштуруп турабыз, — дейт Аскат Муканов. — Өрттүн алды алууда кароолчунун жоопкерчилиги чоң. Кароолчу коопсуздук техникасы боюнча иш бүткөндөн кийин ар бир бөлмөнү кыдырып, текшерип, электр приборлорун өчүрүп чыгышы керек. Кээде жылытуучу шаймандар же компьютерлер өчүрүлбөй калган учурлар да болот.  Азыр көп жерлерде кыска толкундуу мештер, муздаткычтар, жылытуучу техникалар, сыналгылар бар. Ошолордун баарын бир точкага сайбашы керек. Бул боюнча да инструктаж өтөбүз. Азыр мектеп окуучулары чөнтөк телефондорун заряддашат, кээде точкаларды чукулап да жиберишет. Ушунун баары коопсуздук техникасында жазылган. Окуучулар, мугалимдер, кызматчылар арасында түшүндүрүү иштери өткөрүлүп турат. Мисалы, ар бир мекемеде эвакуациялык эшиктер милдеттүү түрдө ачык турушу керек. Өрт өчүрүүнүн дагы инструкциялары бар. Өрт кыска чыңалуудан болсо ага суу чачпаш керек. Себеби 220 вольт адамга коркунучтуу болот. Балдар билбей өрттү өчүрөбүз деп суу чачып жибериши мүмкүн. Ал атайын порошоктуу өчүрүүчү каражат менен өчүрүлөт.

Ар бир райондук билим берүү бөлүмү тарабынан дагы мектептерде өрттүн алдын алуу боюнча түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Мисалы, ушул эле Сокулук райондук билим берүү бөлүмү жыл сайын сентябрда КР  ӨКМ Чүй облустук башкармалыгынын Сокулук  райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү  тарабынан  жиберилген “Кырсыктардын тобокелин азайтуу” боюнча иш-аракеттеринин мерчеми райондун билим берүү мекемелерине  таркатат. Райондун ар бир билим берүү мекемесинде өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү максатында атайын иш-пландар түзүлгөн. Иш-план     мекеменин  жетекчиси тарабынан бекитилип, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаева  жана  Сокулук району боюнча  ӨК бөлүм башчысы майор Ж.Макиев  менен макулдашылган. Жыл сайын апрель айында  билим берүү мекемелеринде “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлүп келет. Өрт коопсуздугун алдын алуу максатында  окуучулар  жана тарбиялануучулар менен ар кандай формада (класстык сааттар, ата-энелер менен жыйындар, сынактар, сүрөт көргөзмөлөр, өрт өчүргүчтөр менен  жолугушуулар) иш-чаралар өткөрүлөт.

 

Статистика

2019-жылга караганда 2020-жылы мектептерде чыккан өрттүн саны 60% аз болгон. Мисалы, республика боюнча 2019-жылы мектептерде 28 өрт кырсыгы катталса (ичинде жеке менчик мектептер да бар) 2020-жылы 11 мекемеден өрт чыккан. Мурдагы жылы эки жогорку окуу жайы, тогуз бала бакча өрттөнсө, былтыр дагы эки жогорку окуу жайынын, алты бала бакчанын имараты өрттөнүп кеткен.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер