РОЗА ОТУНБАЕВА НАРЫН ОБЛУСУНА БЕТКАП ЖИБЕРДИ

  • 11.06.2020
  • 0

Нарын облусунда Covid-19 вирусуна каршы күрөшүүгө салым кошуу максатында   Кыргыз Республикасынын  экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева  аталган аймакка  өз эсебинен 1000 бет кап жиберди. Бүткүл  Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун  билдирүүсүнө таянсак, беткап тагынуу  коронавирустан коргонуудагы негизги  талаптардын бири болуп  эсептелет.

Эскерте кетсек,  буга чейин Р.И.Отунбаева  өзүнүн пенсиясынан топтогон бир миллион сомун  коронавируска чалдыккан бейтаптарды карап жаткан  медицина кызматкерлерин колдоо үчүн берген.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер