“ROBOLAND-2024”: КЫРГЫЗ КОМАНДАЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДЫРЫШТЫ
- 04.04.2024
- 0
“RoboLand-2024” IX эл аралык робототехника, программалоо жана инновациялык технологиялар фестивалында “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын тарбиялануучулары жеңишке жетишти. 28-марттан 30-мартка чейин Караганда шаарында өткөрүлгөн “RoboLand-2024” фестивалына Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжандан 350дөн ашуун команда катышты.
Маалыматка тьаянсак, Дастан Казыбаевдин жетекчилиги алдында Ринат Советканов жана Андрей Царевский чыгармачылык категориясында коло медалга, “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Талас облусундагы филиалынан Нуржан Тайтелиевдин жетекчилиги астында Аслан Ашимбеков жана Темирхан Турсунбеков “Суу роботторунун лабиринти” категориясында үчүнчү орунду ээлешти.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер