РЕСПУБЛИКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА КАЙРА ДАЯРДОО ИНСТИТУТУНУН ДИРЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ
- 06.06.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин 2023-жылдын 2-июнунда кол койгон №104/3 буйругуна ылайык, Жунушалиева Калыйбүбү Кеңешбековна министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору кызматына 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.
Жунушалиева Калыйбүбү Кеңешбековна
Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы.
Туулган күнү: 01.01.1961
Билими:
1979-1984-ж.ж. – Кыргыз мамлекеттик университети, география факультети;
1994-1997-ж.ж. – Кыргыз билим берүү институту, «Географияны окутуунун методикасы» адистиги боюнча аспирантура;
2004-жылы – Россиянын билим берүү академиясында илимий стажировка;
2008-ж. – «Жалпы педагогиканын теориясы жана тарыхы» 13.00.02 жана «Географиянын теориясы жана методикасы» 13.00.02 адистиги боюнча кандидаттык диссертацияны жактоо;
2015-ж – “Педагогика” адистиги боюнча доцент илимий наамы.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
1984-1992-жж. – Бишкек шаарындагы №28 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбиячы;
1992-1993-жж. – Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүнүн улук лаборанты;
1993-1997-жж. – Бишкек шаарындагы №5 гимназиянын география мугалими;
1997-2007-жж. – Табигый-математикалык предметтер лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери;
2007-2017-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын “Менеджмент, технология жана искусство” кафедрасынын башчысы;
2017-2019-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын көйгөйлөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери;
2019-жылдан азыркы учурга чейин –И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун табигый-математикалык билимдер кафедрасынын доценти;
2021-жылдан азыркы учурга чейин –КББАнын социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын көйгөйлөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери.
Машыктыруучулук ишмердүүлүгү:
2009-2012-жж. – ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоору;
2013-2014-жж. – Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Орусия өкмөтүнүн READ долбоору;
2014-2017 -жж. – ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” долбоору;
2021-жылдын февралынан 2022-жылдын май айына чейин – ЮСАИДдин “Керемет окуу!” долбоорунун Улуттук тренери;
2021-жылдын сентябрынан 2022-жылга чейин – Германия шериктештигинин туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү программалары мастер-тренер;
2012-2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоору;
2019-2021-жж. – “Кыргыз Республикасында туруктуу мектептердин тармагын түзүү аркылуу туруктуу жашоо образын стимулдаштыруу» долбоорунун эксперти жана тренери;
2018-2022 — жж. — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоору;
Комментарийлер