РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

  • 06.03.2018
  • 0


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 26-февралда болгон жылды жыйынтыктоочу коллегиясында министр Гүлмира Кудайбердиеванын сүйлөгөн сөзү.

  РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

2017-жылы Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тутумун реформалоо боюнча олуттуу маселелерди чечүү үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасады.

2040-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасында инновациялар, билим жана маалымат технологияларын кеңири колдонуу аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүгү белгиленди.

Бул багыттарды ишке ашыруу үчүн министрлик өмүр бою билим алууну калыптандыруу жаатында иш жүргүзүп келет.

 

 

Мектепке чейинки билим берүү

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

Акыркы он жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги үчүн мектепке чейинки билим берүү артыкчылыктуу болуп келүүдө.

Мунун эки негизги себеби бар:

Биринчиси – демографиялык. Төрөлүү деңгээлинин жогорулашы мектепке даярдоо кызматына муктаж болгон балдардын санынын өсүшүнө алып келди. Алсак, 2012-жылы 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны 590 миң 259 болсо, 2017-жылы 751 миңге жетти.

Экинчиси – социалдык. Мектепке даярдоодон өтүү мүмкүнчүлүгү баланын коомго аралашуусуна шарт түзүп, окуудагы жана жашоодогу ийгилигине жол ачат.

PISA жыйынтыгы көрсөткөндөй, мектепке чейинки уюмдарга барган окуучулардын натыйжалары бала бакчаларга барбаган балдарга салыштырмалуу 27 пунктка жогору экен. Ошондуктан министрлик мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу аракетин күчөтүүдө: 2012-2013-окуу жылына салыштырмалуу мектепке чейинки уюмдардын саны 1,5 эсеге жогорулады: мурда 819 бала бакча болсо, эми 1296га жетти. Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоонун көрсөткүчү 16% дан 22% га чейин жогорулады.

Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү айыл жеринде жашаа-рын эске алуу менен айылдагы балдардын мектепке чейинки уюмдарга баруу мүмкүнчүлүгүн толугураак камсыздоого аракет кылып жатабыз.

2016-2017 жылдары Кыргызстанда 100дөн ашык бала бакча оңдолуп-түзөлдү, 40 бакча ачылды. 2013-2017-жылдары өлкө боюнча жалпысынан 351 коомдук бала бакча ачылды.

Айыл жеринде 911 бала бакча бар, б.а. жалпы мектепке чейинки курактагы балдардын 17,5 %ын камтыйт, ал эми шаар жерлеринде 385 бала бакча иштеп, балдардын 34,4 %ын камтыйт. Шаардык бала бакчаларда балдардын нормадан ашыкча кабыл алынышы мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртууга кедерги болот. Ошондуктан коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу жана бакчалардагы балдардын санын көзөмөлдөө максатында биздин министрлик Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитети менен биргеликте “Электрондук кезекти” иштеп чыгып, balabakcha.edu.gov.kg платформасына жайгаштырды.

Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну да өзгөрүүдө. Көп тилдүү билим берүү программаларын сынактан өткөрүү иши уланууда. 2017-жылы мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээлинде инклюзивдик билим берүүнү кеңейтүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды мектепке даярдоо программасы да сынактан өткөрүлүүдө.

2017-жылы министрлик 480 сааттык “Наристе” программасынын алкагында мектепке чейинки курактагы балдардын окуу жөндөмүн оюн аркылуу өнүктүрүү иши улантылды. “Наристе” программасы Кыргызстанда 5,5-7 жаштагы балдарды толугу менен камтыды.

2017-жылы биз балдардын мектепке даярдык сапатын CLASS жана эрте өнүгүүнү өлчөө сыяктуу каражаттар менен көзөмөлдөй баштадык.

Чүй облусунун 114 мектебинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр “Наристе” мектепке даярдоо программасынан өткөн балдардын айрыкча тилдик жана таанымдык жаатындагы өнүгүүсүнүн кыйла жакшыргандыгын көрсөттү.

2017-жылы министрликтин мектепке чейинки билим берүү боюнча ишин 2017-жылы Кыргызстан заманбап мектепке чейинки билим берүү системин түзүүдө олуттуу кадам жасаганын белгилесек болот. 2018-жылы жана андан кийинки жылдарда алдыга койгон негизги милдеттерибиз – бул мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана балдардын дене-бой, когнитивдик, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.

Мектепте билим берүү

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

Мектепте билим берүү чөйрөсү Билим берүү жана илим министрлигинин конституциялык жоопкерчилиги болуп эсептелет, ошондуктан 2017-жылы билим берүүнүн ушул деңгээлине көбүрөөк көңүл бурулду.

Өлкө боюнча мектеп окуучуларынын саны 2012 – 2017-жылдар аралыгында 16% көбөйүп, 1 млн 175,8 миңди түздү. Шаарларда көбөйүү 25%, айылдарда 12%ды түздү.

Кыргызстанда жалпысынан 2236 мектеп бар, алардын ичинен окуу предметтерин тереңдетип окуткандары – 409, жеке менчик мектептер – 92.

2017-жылы мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуу орто эсеп менен 83 пайызга жеткирилди.

Дүйнөлүк банктын “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоорунун финансылык колдоосу менен 5-6-класстар үчүн жаңы муундагы окуу китептер сынактан өткөрүлдү, эми 3 330 810 нуска окуу китеп басып чыгарууга даярдалууда, Азия Өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы” долбоорунун колдоосу менен 7-8-класстар үчүн математика жана табигый-илимдер боюнча жаңы муундагы окуу китептер иштелип чыга баштады. Жаңы окуу жылына 5-6-класстардын окуучулары 100 пайыз жаңы муундагы окуу китептер комплектин алышат.

Ачык билим берүү ресурстарынын Улуттук репозитарийине 752 окуу китеп жайгаштырылган (эки жыл мурун репозитарийде 30 гана китеп болгон).

Бирок айрым окуу китептердин сапаты начар экендиги белгилүү. Ушуга байланыштуу Кыргыз билим берүү академиясына окуу китептердин авторлорун даярдоо маселесин карап чыгууну сунуштайм.

Өкмөт менен бир нече жыл талкуулагандан кийин былтыр окуу китептерди ижарага берүү схемасын киргизүү чечими кабыл алынды. Албетте, ижара ондогон жылдар бою топтолгон көйгөйдү бир жылдын ичинде чечпейт. Республиканын мектептерин заманбап талаптарга жооп берген окуу китептер менен толук камсыздоо үчүн ижарадан түшкөн каражаттардын суммасы жетишерлик болушу үчүн үч-төрт жыл талап кылынат. Бирок бул процесстин башталгандыгы маанилүү.

Азия Өнүктүрүү Банкы менен долбоорду ишке ашырууда документтерди даярдоо боюнча олуттуу иш жасалды, мисалы, окуу китептерди ижарага берүү тартиби жана Билим берүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмү катары “Жаңы китеп” Коомдук фондунун уставынын долбоору иштелип чыкты.

Токтомдун долбоору Өкмөттүн расмий сайтында талкуулоо үчүн жайгаштырылган. Долбоор менен таанышып, сунуш-пикир айтууңуздарды өтүнөм.

Окуу адабияты тууралуу сөзүмдүн аягында 2018-жылы жана кийинки жылдары электрондук окуу китептерди жана ар түрдүү окуу материалдарын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруларын айта кетейин. 2018-2020-жылга карата Иш-аракеттердин үчүнчү планына “Ачык (дүйнөлүк) билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу жана кыргыз тилине которуу” милдети киргизилген.

Бул багытта биринчи кадам жасалды: жакында эле Дүйнөлүк Банктын долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан электрондук китепкана тааныштырылды. Ал Кыргызстандын аймактарындагы 60 пилоттук мектепке берилет, ошондой эле министрликтин сайтында он-лайн түрүндө балдар, педагогдор, ата-энелер үчүн жеткиликтүү болот. Китепканада негизги жана орто мектептин предметтери боюнча электрондук ресурстар топтолгон. Бул материалдар мугалимге сабакты мазмундуу жана кызыктуу кылып даярдоо, ал эми балдарга билимин тереңдетүү жагынан жардам берет.

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

Бул китепканалар кластердик мектептерге тармакта да жана офф-лайн түрүндө Интернетке чыга албаган мектептер үчүн да жеткиликтүү болот. Жакынкы убакта 60 пилоттук мектептин жетекчилерин Президенттин Региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыгынын жана Өкмөттүн Концепциясынын алкагында аткарыла турган иштер боюнча талкууга чакырабыз.

Албетте, мектептик программанын бардык предметтери билим берүү гана эмес, тарбиялык маселелерди да чечүүгө тийиш.

Кыргызстандын бала бакчаларында жана мектептеринде бир нече жылдан бери көп тилдүү билим берүү программалары киргизилүүдө. 2017-жылы бул ишке 17 бала бакча, 78 мектеп жана 5 жогорку окуу жай катышты.

Пилоттук жогорку окуу жайлар менен иштөөдө деңгээлдик мамиленин негизинде педагогикалык адистиктердин студенттери үчүн уюштуруу ыктары, мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча тилдик даярдоо программалары кайра каралып чыкты. Тийиштүү түрдө 2016-2017-окуу жылында ОшМУ жана И. Арабаев атындагы КМУ, ал эми 2017-2018-окуу жылында Баткен Мамлекеттик университетинде иш практикасына киргизилген студенттердин тил (мамлекеттик жана расмий тилдер) жагынан практикалык курстарынын программасы иштелип чыгып, сынактан өткөрүлдү.

Республиканын мектептериндеги программалардын канчалык ийгиликтүү болгондугу жөнүндө жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, балдардын үчтөн эки бөлүгү экинчи тилди кыйла жакшы (жыл аягында 83 %га чейин) билип калды.

Билим берүү чөйрөсү

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

Бул билим берүү системи үчүн салттуу түшүнүк, бирок жакынкы мезгилге чейин бизде билим берүү чөйрөсүн баарыбыз бирдей түшүнүүгө жетишпей келгенбиз.

2017-жылдан тартып министрлик БИОМ Экологиялык кыймылы жана Конрад Адэнуар Фонду менен кызматташтыкта Евросоюздун колдоосу менен билим берүү чөйрөсүнүн комплекстүү коопсуздук стандартын иштеп чыгуу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Иш процессинде окуу жайдагы биримдикти камсыздоочу шарттардын бири дене бой, экологиялык жана абдан маанилүү болгон психологиялык жактары бар коопсуздук экени түшүнүктүү болду.

Мектеп ичиндеги билим берүү чөйрөсү балдарды окутууга жайлуу, бул процесстин бардык катышуучулары (мугалимдер, ата-энелер, балдар) үчүн бирдей укукту камсыздаган, балдардын курдаштары жана чоңдор менен мамиле кылууну үйрөнүшүнө ыңгайлуу болуп түзүүгө тийиш.

Билим берүүнүн сапатын башкаруу системи жетик болмоюнча мектептин иши натыйжалуу жүрүшү мүмкүн эмес. Көзөмөлдүн, мисалы, кесиптик жана коомдук көзөмөлдүн түрдүү каражаттарын түзүү ата-энелерге жана коомго окутуунун жыйынтыгын даанараак билүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондуктан министрлик 2017-жылы Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын баалоо системин түзө баштады.

2017-жылы Министрлик балдардын билиминин сапатын аныктоо үчүн мектептерди аккредитациялай баштады.

Биринчи этапта Бишкек шаарынын мектептерине аккредитация жүргүзүлдү. Минималдуу талап катары окуудагы жетишкендик 40% болуп коюлду, бирок ал чектен дагы айрым мектептер араң өттү.

Акккредитация табигый-математикалык түрмөктөгү предметтер боюнча окуучулардын билим деңгээли төмөн экенин да көргөздү.

2017-жылы окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоо боюнча улуттук изилдөөнүн кезектеги айлампасы өткөрүлдү. Изилдөө көрсөткөндөй, 4- жана 8-класстарда билим берүүнүн сапаты жакшыргандыгы байкалууда. Изилдөө 2017-жылы министрликтин буйрутмасы боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору, Улуттук тест борбору жана Социалдык интеграция борбору менен кызматташтыкта Евробиримдиктин колдоосунда жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, мектептерде билим берүүнүн сапатына, окуучулардын ойлонууну талап кылган өз алдынча иштерине жана тапшырмаларга көбүрөөк көңүл бурула баштаптыр. Мисал катары математика боюнча Ош шаарынын окуучуларынын көрсөткүчтөрү кыйла жогорулаганын айтсак болот. 2009-жылы Ош шаары математика боюнча эң артта болсо, 2017-жылы бардык деңгээлдер боюнча Бишкек шаарынан кийин экинчи орунга чыкты.

2006-жылдан тартып мектептерде башталгыч класстардын окуучулары үчүн тамактануу киргизилген. Бул балдардын ден соолугун сактоо үчүн да, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке тартуу үчүн да маанилүү болуп саналат. 2017-2018-окуу жылы республиканын 1146 мектебине ысык тамак тутуму киргизилди. Эки жылдын ичинде мектептердин дээрлик беш миңдей кызматкери жана 15 миңден ашык окуучу туура тамактануу негиздери боюнча окуудан өттү.

Президентибиз С.Ш. Жээн-бековдун инаугурациядагы сөзүндө эки маанилүү милдет коюлган:

1. 2018-жылы 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы Концепциясын иштеп чыгуу жана ошондой эле 2040-жылга чейинки стратегиялык багыттарды аныктоо.

2. 2019-жылга карата Билим берүүнүн улуттук моделин иштеп чыгуу.

Албетте, бул моделди иштеп чыгууда биздин билим берүү системибизде болгон бардык мыкты жетишкендиктерди жана Кыргызстанда, дүйнөдө пайда болгон жаңы жагдайларды эске алуу керек. Мында биринчи кезекте экономиканын, башкаруу процесстеринин, коммуникациялардын санариптештирилиши, ошондой эле кесиптик катнаштардын татаалдашуусу жалаң кесипкөй жөндөмдөн тышкары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, команда менен иштөө ж.б.у.с. көптөгөн жаңы көндүмдөрдү талап кылат. Бул жөндөмдөрдү канчалык эрте калыптандырсак, ошончолук жакшы натыйжалар болот.

Ошондуктан 2017-жылы Билим берүү жана илим министрлиги стандарттар менен иштөөнү улантты: атап айтканда, Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен 10-11-класстарга математика, физика, химия, биология предметтери боюнча компетенттүүлүк негизиндеги базалык жана тармактык деңгээлдери үчүн жаңы стандарттар, ошондой эле базалык деңгээл үчүн бир катар стандарттар иштелип чыкты.

5-9-класстар үчүн кайрадан каралып чыккан стандарттар менен катар бүт мектептеги билим берүүдөгү компетенттүүлүккө негизделген стандарттардын бирдиктүү тизмеги иштелип чыкты. Бул ченөөгө жана баа берүүгө мүмкүндүк берген келечектеги натыйжалуу окутууга өтүүгө маанилүү негиз болуп саналат.

Бул ыкма мугалимдерди даярдоодо жана кайра даярдоодо, ошондой эле окутууну башкарууда жана баалоодо олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет.

Ошондуктан министрлик келечектүү базалык окуу пландын үстүндө жигердүү иштеп жатат. Бул документ, сааттардын жалпы көлөмүн сактап, билим берүү системинин алдында турган милдеттерди кыйла толук чагылдырган башка бир түзүмгө ээ болот.

Кийинки окуу жылы бул сынактан өткөрүүнү башташ үчүн быйыл министрлик мектептер арасында окуу планын сыноо боюнча конкурс жарыялайт. Анын жыйынтыгына карай республиканын мектептеринде жаңы окуу планын киргизүү тууралуу чечим кабыл алынат.

Кесиптик билим берүү

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

2017-жылдагы кесиптик билим берүү ишмердигинин мүнөздөмөсүнө токтолордон мурда биздин алдыбызда турган сыноолор жөнүндө айта кетейин.

Биринчиси – даярдалган адистердин саны менен аларды окутуунун натыйжаларын бүгүнкү эмгек рыногунун талаптары менен эле эмес, алардын санариптик экономиканын шартындагы атаандаштык келечеги менен салыштырып кароо зарылдыгы.

Экинчиси – иш берүүчүлөр менен байланыштарды түзүп, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана ишканаларда практиканы уюштуруу.

Үчүнчүсү – кесиптик билим берүүнүн ар башка баскычтарында өзгөртүүлөрдүн темпи менен багыттарын кароо.

Бул сыноолордун баары кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун заманбап механизмдерин пайдаланууну талап кылат. Биринчи кезекте аккредитация, академиялык жана кесиптик квалификацияны байланыштыра турган Улуттук квалификациялык систем жөнүндө сөз болуп жатат.

Программалык аккредитациянын жол-жоболорун кеңири колдонуу жана институционалдык аккредитация үчүн шарт түзүү, ошондой эле Улуттук квалификация системин иштеп чыгып, сыноодон өткөрүү – бул министрлик жана кесиптик билим берүү уюмдары 2018-жылы чече турган негизги маселелер болуп саналат. Ошондуктан кесиптик билим берүүдө 2017-жылдагы иштерди биз ушул проблемаларды чечүүгө даярдык катары карашыбыз керек.

Кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде бардыгы болуп 294 окуу жай бар. Бул “Таза коом” программасындагы жана башка стратегиялык документтердеги коюлган милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон кадрлардын резерви.

Региондорду өнүктүрүү Кыргызстан үчүн орчундуу маселе болуп калды, 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланды.

Региондорду өнүктүрүү концепциясында айтылгандай, эмгек рыногунун керектөөсүнө жооп берген билим берүү региондорду ийгиликтүү өнүктүрүүнүн шарттарынын бири болуп саналат.

Бардык деңгээлдердеги кесиптик билим берүүнүн сапатын текшерген таянычтардын бири – аккредитация, экинчиси – Улуттук квалификациялык систем.

Улуттук квалификациялык системди түзүү жана өнүктүрүү билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы карым-катышты жогорку системдүү деңгээлге алып чыгат. Карым-катыштын алгачкы кадамдары министрлик тарабынан жасалды: мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр демилгеленди, Улуттук квалификациялык системдин долбоору иштелип чыкты, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн, билим берүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык эксперттерден турган координациялык жумушчу топ түзүлдү.

Улуттук квалификациялык систем иштегенде эмгек рыногунун талаптары керектүү компетенцияларды түзүүнүн негизине айланат. Аларды салыштыра кароо үчүн квалификациянын тармактык алкактары жана кесиптик стандарттар иштелип чыгат. Кесиптик стандарттар өз кезегинде бардык деңгээлдердеги билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга негиз болуп берет.

Ошентип, стандарттарды жана кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдердеги билим берүү программаларын иштеп чыгуу иштери биринчи жолу шайкештикке салынат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин прогнозу боюнча бизге жакынкы жылдары 19% гана жогорку билимдүү адамдар керек, калгандары үчүн баштапкы жана орто кесиптик билим эле жетиштүү болот. Демек, кайсы адистерге азыркы учурда талап бар экенин кылдат карап чыгып, кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде 5-10 жылдан кийин кайсы адистик багыттары менен курстары керек болорун алдын ала ойлонуп алышыбыз абзел.

Орто кесиптик билим берүү деңгээли өзгөчө маанилүү болуп жатат. Көп жылдар бою мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн он пайызын гана ушул деңгээлде окутуп пландаштырып келдик. Бирок соңку жылдары орто кесиптик окуу жайлары даярдай турган жумушчу кесиптерге мамиле өзгөрүп, орто кесиптик билим берүүгө баргандар эки эсе көбөйдү. Жыл сайын Кыргызстандын кесиптик орто окуу жайларына орточо алганда 25 миң абитуриент кабыл алынууда. Кесиптик орто билим берүүдө адистерди даярдоо 100 адистик боюнча жүрүп жатат.

Даярдоо тармагы жана адис-тигине жараша кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу 40% дан 70% га өстү, 30% ашыгы окуусун улантып жогорку окуу жайларына тапшырууда.

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

Бирок баштапкы жана орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында билим берүүнү улантуу маселеси келип чыгууда. Анткени билим берүү деңгээлдеринин ортосунда билим берүү программаларынын байланышы көп учурда чабал же таптакыр жок.

Кесиптик билим берүү системи ачык мүнөздө болгону абдан маанилүү, ошондо кесиптик билим берүүнүн кийинки деңгээлдеринде окуп, кесипкөйлүктү жогорулатууга болот эле.

Ошол эле учурда анын жеткиликтүүлүгү менен катар сапаттык кепилдик каражаттары жана аккредитация аркылуу окутуунун сапатын сактап калуу керек.

Жогоруда айтылгандай, билим берүү уюму көрсөтүп жаткан кызматтын сапатын баалоо – билим берүү тутумунун иштешинин негиздеринин бири. Соңку жылдары иштелип чыккан укуктук-ченемдик база бар болгондуктан, Кыргызстанда аккредитация өткөрүү үчүн тийиштүү шарт түзүлдү – Улуттук аккредитациялык кеңеш иштеп жатат, аккредитациялык төрт агенттик иш алып барууда, аккредитация өткөрүү үчүн ченемдик жана усулдук материалдар бар.

2017-жылы Улуттук аккредитациялык кеңеш тааныган эки агенттик тарабынан 29 билим берүү уюму аккредитациядан өткөрүлдү.

2018-жылы аккредитациянын жыйынтыктарын талдоого алып, аны андан ары сапаттуу өткөрүшүбүз керек. Ошондой эле программалык аккредитациянын критерийлерин да өркүндөтөбүз. 2018-жылы аккредитация өткөн билим берүү уюмдарынын саны эки эсе көбөйөт деп күтүлүүдө.

2017-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоого тийиштүү бир катар толуктоолор киргизилди. 2018-жылы ченемдик документтерди өркүндөтүү боюнча иштер улантылмакчы.

Каралып жаткан проблемалар билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндигин кеңейтүү жана билим берүүнүн сапатына жоопкерчиликти жогорулатуу жагына тийиштүү болот. Ошондой эле тигил же бул программаны аккредитациядан өткөргөн агенттиктердин билим сапатына жоопкерчилиги күчөтүлөт. Министрлик аккредитация өткөрүү боюнча эл аралык тизмеге кирген чет элдик аккредитациялык агенттиктерди тартуу боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жогорку окуу жайлардын рейтингин программалардын сапаты боюнча аныктоо билим берүүнүн сапатын баалоонун дагы бир куралы болуп саналат. Министрлик азыркы учурда жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларынын рейтингин чыгарууну байкап көрүүнү демилгелеп жатат. (“Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын рейтинги — 2018” ).

Даражалоо методологиясы Казакстан Республикасынын аккредитация жана рейтинг боюнча көз каранды эмес агенттиги (АРКА) тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн атайын иштелип чыккан, критерийлери жана башка көрсөткүчтөрү жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен көп жолу талкууланды. Аталган агенттик Кыргызстандын Улуттук аккредитациялык кеңеши тарабынан таанылган.

Билим берүү программаларын сапка тизүүдө институционалдык/программалык аккредитациясы, академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын илимий макалаларынын тийиштүү багыттар жана адистиктер боюнча атаандаштыгы жөнүндө ж.б. маалыматтар пайдаланылат.

Рейтингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар жана коом бакалавриат/магистратуранын кайсы программасынын сапаты жогору жана канчалык атаандаштык кудурети бар экени жөнүндө маалымат алат.

Рейтингдин жыйынтыгы Министрликтин сайтында жарыяланат.

2002-жылдан бери ЖРТ Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына мыкты абитуриенттерди тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бул жакшы жол, бирок анын жол-жоболорун өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Бир жагынан ал сапаттын кепилдиги катары кала бериши керек.

Экинчи жагынан, ал жогорку билим алууга тоскоолдук болуп калбашы керек.

Мисалы, азыркы учурда, мектеп бүтүрүүчүсү жогорку окуу жайына 11-класстан кийин эле дароо эмес, бир нече жылдан кийин тапшыргысы келгендер үчүн ЖТР тапшырууда бир топ кыйынчылык жаралууда. Ошондуктан тест жүргүзүүнүн жаңы регламенттерин иштеп чыгуу зарыл, келечекте тестирлөө бир жылда бир эмес бир нече жолу өткөрүлмөкчү, ошондой эле бир эле жылда эскирип калбаган сертификат алууга мүмкүн болот, мисалы тилдер боюнча эл аралык тесттер ушундай эмеспи.

2018-жылы чечиле турган дагы бир маселе – орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн ЖРТ киргизүү мүмкүндүгү.

Кыргызстанда соңку 10-15 жылда жогорку окуу жайларынын алдында коллеждер көбөйдү. Анын себеби коллежди бүткөндөн кийин окшош багыттар боюнча жогорку окуу жайына өтүп окуу мүмкүн болуп жатат.

Толук эмес орто билими бар мектеп бүтүрүүчүлөрүн же ЖРТдан төмөн балл алып калган 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн коллеждерге кабыл алып, аларды кийин жогорку окуу жайына жеңилдетилген шартта өткөрүү жождордо билим сапатын төмөндөтүүдө. Ошондуктан жождордун бардык абитуриенттерине ЖРТ киргизүү жөнүндөгү маселе актуалдуу болуп турат.

Электрондук билим берүү

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

«Таза коом» программасы, башка документтер Кыргызстандын бардык жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү милдетин коюуда. Ошондуктан Министерлик электрондук окутуу концепциясын иштеп чыгып, аны коллегияда кабыл алды. Ал документке ылайык, Кыргызстанда маалыматтык жана санариптик маданият калыптанышы керек.

Ал үчүн:

•  Кандай гана кесипке окуп жатканына карабай, ар бир студенттин жана бүтүрүүчүнүн технологиялык куралдануусунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу керек.

•  Маалымат технологиялары боюнча квалификациялуу адистерди даярдоону түп-тамырынан бери өзгөртүү, анын ичинде маалымат технологиялары колдонула турган тармактарда прикладдык билимге ээ адистерди даярдоо керек.

•  Дистанттык жана электрондук окутуу технологияларын колдонуу тажрыйбасы бар жождордун потенциалын бардык деңгээлдердеги билим берүүдө маалымат технологияларынын методикасын жана колдонууга киргизүү ыкмаларын иштеп чыгууга пайдалануу керек.

Мындай иштин жакшы мисалы катары ТЕМПУС долбоорунун алкагында иштелип чыккан “Электрондук окутуу: жождорго киргизүү боюнча колдонмо” деп аталган методикалык сунуштарды айтсак болот.

Электрондук окутуу каражаттары сапаттуу билим алууну ар бир адам үчүн жеткиликтүү жана ийкемдүү кылат, айрым программалар менен уюмдардын атаандаштык күчүн жогорулатат.

Өлкөнү компьютердик жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы квалификациялуу адистер менен өлкөнү камсыз кылуу үчүн 2016-2017- окуу жылында бул багыттар боюнча гранттык кабыл алуу планы 405 орунга көбөйтүлдү. Азыркы учурда аталган багыттар боюнча адис даярдап жаткан окуу жайлар: Раззаков атындагы КМТУ, КГУСТА, КРСУ, Ж.Баласагын ат. КУУ, «Манас» Кыргыз-түрк университети, ОшМУ жана башка бир катар окуу жайлар.

Бул багытта Кыргыз дистанттык билим берүү ассоциациясы чоң роль ойной алат, дистанттык билим берүү жана электрондук окутуу тармагында иштеген билим берүү уюмдарынын башын кошуу, аларга көмөктөшүү жана координация кылуу бул уюмдун милдети болуп саналат.

Илимдин өнүгүшү, айрыкча жождордогу илимди өнүктүрүү — биздин өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Кыргызстанда илимдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2017-жылы “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынды. Улуттук илимдер академиясынын азыркы шарттагы максаттары, милдеттерин тактоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле УИАнын жаңы Уставы бекитилди. Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалып, анда илимий даражалар үчүн кошумча төлөмдөрдү 2018-жылдын 1-февралынан тарта үч эсе көбөйтүү каралууда.

2012-жылдан тарта илимий темаларды каржылоо конкурстук негизде өтүп жатат, экономиканын, коомдун же илимдин өзүнүн өнүгүшү үчүн маанилүү болгон темаларга биринчи кезекте каражат бөлүү максатында тандоо талаптары күчөтүлүүдө.

РЕФОРМАЛАРДЫ ЫРААТТУУ ЖҮРГҮЗӨБҮЗ

Ошол эле учурда министрликтин дарегине гранттарды бөлүштүрүүнү сындаган кайрылуулар мага келип жатат. Айыл чарбасы боюнча келечектүү долбоорду конкурска койгон жаш окумуштуулар мага соңку кайрылуусунда жазгандай, темалардын санын арттырууга эле умтулган жарабайт. Департаменттин комиссиясы алардын долбоорун карап чыгып, эмгек акыны гана каржылоо жөнүндө чечим кабыл алган. Комиссия жактырган ар бир долбоор биздин экономика үчүн сезилерлик натыйжа алып келиши керек. Илим департаменти гранттарды берүү саясатын жана механизмин кайра карап чыгып, кыска мөөнөттө өзүнүн сунуштарын киргизсин.

Илимий адистерди даярдоону уюштуруу дагы туура сынга алынууда. Сиздер билгендей, бир катар пилоттук жождор эл аралык долбоорлордун алкагында чет элдик өнөктөштөр активдүү катышкан багыттар боюнча PhD докторанттарын даярдоону демилгелеген.

Пилоттук долбоорлордун натыйжаларынын негизинде бүгүн мыйзамга жана ченемдик актыларга бир катар оңдоолор сунушталууда, биздин өлкөбүздүн, экономикабыздын алдында турган актуалдуу илимий проблемаларды чечүүчү заманбап илимий адистерди даярдоонун критерийлери менен жол-жоболору каралууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жыл үчүн отчётун аяктап жатып, билим берүүнүн сапатына таасир эте турган бир катар проблемаларды чечүүдө жылыштар болгонун белгилей кетишим керек. 2017-жылы Билим берүү жана илим министрлигине жана жалпы эле билим берүү системине жардам бергендерге, биздин окуу жайларда окуп жаткандардын алдында өзүнүн милдетин аткаргандарга ыраазылык билдирем. Ошондой эле донордук жана өнөктөш агенттиктерге да ыраазылык билдирип, биздин кызматташтыгыбыз уланат деп үмүттөнөм.

Билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын аткаруу алкагында системдүү реформаларды өнүктүрүү жаңырган жылда биз үчүн артыкчылыктуу багыт болуп кала берет. Анын натыйжасында Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагынын жаңы келбети түзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер