РЕАЛДУУ ШАРТТА ОКУГАНГА МЕКТЕПТЕР ДАЯРБЫ?

  • 22.10.2020
  • 0

Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 оорусу билим берүү тармагын аралыкта иштегенге, окуганга  мажбурлап салды. Республика боюнча 1264 мектеп реалдуу режимде 1-класстын окуучуларын, ошондой эле COVID-19 оорусу аныкталбаган, санэпидемкөзөмөл  уруксат берген 71 мектеп 2-6-класстын окуучуларын кадимкидей окутуп жатышат.  Ушулар тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова бизге маек куруп берди.

РЕАЛДУУ ШАРТТА ОКУГАНГА МЕКТЕПТЕР ДАЯРБЫ?

  • Надира Сынташевна, экинчи чейректен баштап реалдуу шартта бардык балдарды окутканга мектептер даярбы?
  • Бүт республикага кандайдыр бир чечим чыгарып же бир ыкма кылбай эле, ар бир жерди локалдуу караганды сунуштап жатабыз. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте пандемия учурунда реалдуу окуу процессин уюштуруу үчүн кандай талаптарды сактоо керек деген Алгоритими иштелип чыгып, бардык мектептерге жөнөтүлгөн. 1-сентябрдан баштап эле 1-класстар ошол эрежени, талаптарды сактап, окуп жатышат. Пандемия учурунда, эң биринчи – балдардын, педагогдордун, ата-энелердин өмүрүнө, ден соолуктарына зыян келтирбешибиз керек. Ошондуктан биз айттык, 1-этапта 1-класстар реалдуу режимде окуп турса, эгерде талаптарды сактаганды үйрөнүп алсак, кийин акырындык менен реалдуу окутуу процессине өтөбүз деп. 6-октябрдан баштап республикалык штабдын чечими, Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен 2-6-класстар кадимкидей окуп башташмак.  Бирок өлкөдөгү курч саясий абалга байланыштуу реалдуу окуганды убактылуу токтоттук. Качан гана саясий абал туруктуу болоору менен эки министрлик биргеликте иштеп чыккан талаптарды сактап, реалдуу процесске акырындап чыгышыңар керек деп жер-жерлердеги жетекчилер менен сүйлөштүк. Ошондо 12-октябрда Бишкек жана Ош шаарларындагы 1-класстын окуучулары реалдуу окуганга баралбай калышты. Ал эми калган региондордогу бардык мектептерде (жеке менчик дагы)   1-класстагылар кадимки шартта окуп жатышат. Ошондой эле жергиликтүү  санэпидемкөзөмөл,  бийлик уруксат берген 284 мектепте  2-6-класстар  реалдуу окуп атышкан. Эми 12-20-октябрга чейин COVID-19 оорусу күчөп,  абал курчуду. Оорулуулардын саны күндөн күнгө өсө баштады. Мисалы, Баткен облусу боюнча 2-6-класстын окуучуларын окутканга сегиз мектепке гана уруксат берилди. Калган мектептер дистанттык форматта билим алууда. Ош облусунда абал азыр курчураак. Бир эле мектеп 2-6-класстын окуучуларын окутуп атат. Калгандары, тилекке каршы, убактылуу аралыкка өтүштү. Жалал-Абадда абал андан бетер курч. Бул жерде 1-класстар гана реалдуу режимде окуп жатышат, калгандары дистанттык формада. Чүйдө абал жакшыраак, ошого карабастан, 1-класстар гана реалдуу шартта, ал эми 24 мектепте 2-6-класстын окуучулары кадимкидей окууда. Нарын облусунда абал туруктуу, жакшы болчу, бирок 12-20-октябрга чейин оору күчөй баштады. Бул региондо 34 мектеп бар, баары реалдуу режимде окуп жатат. Ысык-Көлдө да абал туруктуу болуп турган, 12-октябрга чейин 12 мектеп кадимкидей окуп жатышкан, эми абал курчуп кеткендиктен жергиликтүү санэпидемкөзөмөл  эки гана мектепти калтырды.  Калгандары убактылуу аралыкта билим алууда. Таласта 12-октябрда бардык мектептер реалдуу режимге чыгышкан. 20-октябрда, тилекке каршы, эки гана мектеп реалдуу режимде калды, калгандары дистанттык формага өтүштү. Пандемия учурунда санэпидемкөзөмөл койгон шарттарга коопсуздукту сактоо үчүн баш ийишибиз керек. Ош менен Бишкек шаарларында калк жыш жайгашкан, ошондуктан ал жерде санэпидемкөзөмөл аябай катуу талаптарды коюп жатат. Бул шаарларда, тилекке каршы, 1-класстан 11-класска чейин аралыкта окуп жатышат.

Биз республикалык штабга кайрылдык, COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүп, ар бир жерди локалдуу карап, эгерде оору туруктуу түшө баштаса, жашыл зоналардагы мектептер кадимкидей шартта окуй  берсин деп.

1-сентябрда жалаң эле 1-класстын окуучулары окуган жок. Маселен, алыскы региондогу тоолуу аймактарда жайгашкан, объективдүү бир себептер менен интернет байланышы начар, оору катталбаган 70тен ашуун мектепке  окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан, кадимкидей окуганга уруксат бергенбиз. Маселен, Зардалыда же Эңилчекте оору катталбаса, эмне үчүн мектепте окуганга уруксат бербейбиз? Мына ушундай жерлерде реалдуу шартта окуп жатышат.

  • Ноябрь айында оору болуп көрбөгөндөй көбөйөт деген маалыматтар таралып жатат. Канчалык деңгээлде талаптарды аткарганга мейли окуучулар, мейли мугалимдер үйрөндү деп ойлойсуз?
  • Биз сентябрь айында 1-класстарды окутуп атып, талаптарды сактаганды үйрөндүк. Дүйнө жүзүндө бир дагы өлкө бул пандемия эмне экенин башынан өткөргөн эмес. Бардык өлкөлөрдөй эле биз дагы талаптарга, шарттарга көнүп атабыз. Биринчиден, бул – тазалыкты сактоо, кабинеттерди желдетип туруу, ага чейин баарын жууп-тазалоо, ийкемдүү жүгүртмө менен иштөө. Мисалы, 1 “а” класс 8.00 келсе, 1 “б” класс 8.20 келет, т.а. жүгүртмө ар кандай кылып түзүлөт. Биз бир нече вариантын ар бир мектепке бердик. Мисалы, аба-ырайы жакшы учурда, кээ бир предметтерди кабинетте, ал эми айрымдарын абада, сыртта сабак өтүлсүн дедик. Окуучулдардын саны өтө көп мектептерге төмөнкүдөй сунуш бердик. Табигый-илимий циклдагы предметтерди реалдуу түрдө, ал эми балдар жеңил кабыл алган айрым гуманитардык предметтер дистанттык түрдө уюштурулсун дедик. Кыскасы, балдар мектепке ийкемдүү  жүгүртмө менен келип, талаптарды аткарып туруш үчүн бир нече варианттарды ар бир регионго, ар бир мектепке сунуштадык. Ар бир мектеп жетекчиси канча класс комплектиси болсо, ошого жараша ийкемдүү жүгүртмө түзөт. Бирок ар бир мектепке иштелип чыккан варианттарды таңуулагандан алыспыз. Анткени ар бир мектеп өзүнүн балдарынын санына жана Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштеп берген талаптарды сактап, анан ошого карата дал келтирет.
  • Бишкек шаарындагы мектептерге абдан татаал болуш керек. Анткени айрым мектептерде бир класста эле 30-40 окуучу отурат эмеспи?
  • Бишкек шаары сыяктуу класста балдардын саны көп аймактар үчүн биз өзүнчө варианттарды, талаптарды иштеп чыктык. Эгерде 40 бала болсо, аларды эки топко бөлүп, 1-класстагылар үчүн апробация өткөрдүк. Сиз туура айтып атасыз, 20 минутадан окутуу эффективдүү эмес, өзгөчө жогорку класстар үчүн. 1-класска бул ыкма эффективдүү, анткени жаңы мектепке келген бала көнүп кетүү үчүн абдан жакшы. Бул дагы убактылуу. Эми дүйнө жүзүн карап көрөлү. Көп өлкөлөр айтып атат, пандемия шартында дагы жашаганды, иштегенди, окуганды үйрөнүшүбүз керек деп. Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүп көрсөк, балдар ооруну алып жүрүүчүлөр экен. Эң кооптуу категория  60тан ашып калган адамдар. Ошон үчүн биз Саламаттык сактоо министрлигинен  ооруга каршы эмдөөнү уюштуруп берүүнү сурандык. Октябрь, ноябрь, декабрь айларында негизинен эле сасык тумоо көбөйүп, күчөп турган учур эмеспи. Эгер ошол ооруларга каршы эмдөө алсак, адамдын организми коронавируска жакшы туруштук берет экен.

Республикалык штабга мындай сунуш кылдык. 1-11-класска чейин педагогдорубуз 74000 ашык, ал эми административдик, техникалык кызматкерлерибиз 22200 адам. Экөөнү кошкондо 96000 ашык адам болот экен. Эгерде ушул сандагы адамдарды Саламаттык сактоо министрлиги ооруга каршы эмдөөнү уюштурса, анда биз кооптуу категорияга кирген педагогдорго кандайдыр бир деңгээлде коргоону чарасын көргөн болот элек. Мугалимдер  маска кийүү режимин сактап, иштесе болот. Дистанттык формат бул жакшы, бирок бул убактылуу гана чара. Бир эле дистанттык форматта окута берген кооптуу.

21-октябрдан 5-ноябрга чейин оорунун жайылышы даана билинип калат. Эгерде оору стабилдүү ылдыйлай баштаса, анда жергиликтүү санэпидемкөзөмөлдүн уруксаты менен реалдуу режимге өтсөк болот. Эгер абал курчуп туруп алса, анда дагы деле убактылуу аралыкта окуй беребиз. Албетте, реалдуу режимде окутууга эч нерсе жетпейт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер