ПРЕЗИДЕНТ ОШМУДАГЫ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 11.09.2020
  • 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарында Ош мамлекеттик университетине дагы барып, жогорку билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер  менен таанышты.

ПРЕЗИДЕНТ ОШМУДАГЫ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Ал алгач жаңы курулган Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окуу имаратын көрүп чыкты. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков курулуш иштери 2019-жылдын октябрь айында башталганын, учурда бүткөрүлүп, имарат ишке кирүүгө даяр экендигин маалымдады.

Заманбап окуу имараты Ош мамлекеттик университетинин өзүнүн каражатына курулган. Анда жыйын залдары, окуу залдары, аудиториялар, китепкана, электрондук жана санарип лабораториялар бар. Азыркы учурда колледжде 1500дөн ашык студент билим алат.

Мамлекет башчысы университеттин ич ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы иш кагаздарын айлантууну толугу менен санариптештирүү, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдар менен автоматташтырылган маалымат алмашуу милдетин аткарган «Электрондук университет» аянтчасы менен таанышты. Аянтча университеттин IT адистери тарабынан иштелип чыккан.

ПРЕЗИДЕНТ ОШМУДАГЫ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ИШТЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Колледжде Ош мамлекеттик университетинде окуп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул окуу жайында эмгектенген Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылган. Мамлекет башчысы санарип музейди көрүп чыгып, Рыспай Абдыкадыров менен жакшы тааныш болгонун айтып, анын таланттуу музыкант, композитор гана эмес, жаркын инсан жана элдин сүймөнчүгү экендигин баса белгилеп, музейдин меймандар китебине кол жазмасын калтырды.

Сооронбай Жээнбеков окутуучулар менен дагы баарлашып, окуу жайдын ишмердүүлүгүн санарипке өткөрүү боюнча ийгиликтерин канааттануу менен белгилеп, заманбап санариптик технологиялар билим берүүнүн сапатын жана студенттердин мотивациясын жогорулатып, ошону менен азыркы атаандаштык күчөп турган эмгек рыногунда ийгиликтин негизин түзөрүн баса белгиледи.

Президент заманбап санарип технологияларды киргизүү боюнча ОшМУнун тажрыйбасы өлкөнүн башка билим берүү мекемелери үчүн жакшы үлгү болорун айтып, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго университеттин негизинде Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын ректорлору үчүн тааныштыруу семинарын уюштурууну сунуштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер