PISAГА ДАЯРДЫК: БИШКЕКТЕ ЭМНЕ ИШТЕР АТКАРЫЛЫП ЖАТАТ?
- 05.02.2025
- 0
Кыргызстан PISA эл аралык изилдөөсүнө катышууга чоң даярдык көрүп жатат. Изилдөө 1-апрелден 10-майга чейин жүрөт. Сынакка өлкө боюнча 200гө жакын билим берүү мекемеси тандалып алынды.
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин бөлүм башчысы Акматова Гүлмира борбор шаардан 32 мектеп катыша турганын айтып, учурда аткарылып жаткан иштерге токтолду.
“Учурда шаардагы мектептердеги координаторлорду чогултуп семинар өткөрүп жатабыз. Билим берүү министрлигинен, Билим берүү академиясынан, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялар улуттук борборунан өкүлдөр келип, уюштуруу иштери, шарттары жана координаторлордун суроолоруна жооп беришти. Баарыбызга белгилүү болгондой, изилдөөгө 2009-жылы төрөлгөн, 15 жашка толгон окуучулар катышат. Ар бир мектептен 42 окуучу тандалып алынат. Мисалы, бир мектепте 15 жаштагы 35 окуучу болсо баары катышат, ал эми кээ бир мектепте 60-70 окуучу болсо, анын ичинен тандоодон өткөн кырк экиси гана катышат. Изилдөө математикалык, окуу жана түшүнүү, табигый-илимий багыттар боюнча болот”, – деди Гүлмира Каленовна.
Изилдөө эки нөөмөт менен өтүп, үч жарым-төрт саат убакытты алат. Тест компьютердик форматта өтөт.
Изилдөө убактысы:
Окуучуларга нускаманы түшүндүрүү – 15-20 мүнөт;
Тестирлөө – 1 саат;
Тыныгуу – 15 мүнөттөн кем эмес;
Нускама – 15 мүнөт;
Тестирлөөнү улантуу – 1 саат;
Анкета жүргүзүү – 55 мүнөт;
Жыйынтыктоо иштери – 5 мүнөт.
“Сынак өтө турган кабинетте 21 ноутбук, 21 розетка сыяктуу бардык шарттардын түзүлүшүн карап, азыр кемчиликтерди жоюу иштери менен алекпиз. Мындан сырткары, мугалимдер окуучулар менен шилтемелер аркылуу сайттарга кирип, тестти ачып машыгып жатышат. Чынында, тест абдан татаал түзүлгөн, бир эле тестте 2-3 предметти камтыган суроолор бар. Логикалык, аналитикалык суроолор окуучулардын аң-сезимин текшерет. Бир чети бул сынак бизге да жакшы болуп жатат, жооптордон улам эмне кемчиликтерибиз бар билип алып жатабыз. Иликтегенге, изилдегенге, анализ кылганга, кандай билимди берсек деп ойлонууга жардам берет”, – деп кошумчалады бөлүм башчы.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер