PISA -2025: КАРА-СУУДА ЭКИ МЕКТЕП КАМТЫЛДЫ

  • 07.04.2025
  • 0

Ош облусунун  Кара-Суу районунда окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсүнө  Савай айыл аймагындагы №14 Ж.Турусбеков, Датка айыл аймагындагы №124 орто мектептери камтылды. 

PISA -2025: КАРА-СУУДА ЭКИ МЕКТЕП КАМТЫЛДЫ

Тест координаторунун айтуусунда аталган негизги изилдөөгө эки мектептен 50 окуучу катышууда. Тарыхый мааниси бар бул иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Ысаков, окуу-методикалык каанасынын усулчулары  жана  мектеп директорлору катышып, окуучуларга жакшы каалоо-тилектерин айтып, ийгилик каалашты.
Белгилей кетсек, бул изилдөөгө жалпы республика боюнча 197 мектеп тандалып алынган.

Эламан ЖАНЫШОВ, Кара-Суу району

Бөлүшүү

Комментарийлер