“PISA-2025” ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДЫК: АЙМАКТАРДА ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 22.06.2022
  • 0

2022-жылдын 13-июнунан 18-июнуна чейин республиканын аймактарында “PISA-2025” изилдөөсүнө даярдык көрүү, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу боюнча тренингдер уюштурулду. Ага билим берүү жаатындагы жетекчилер жана башталгыч класстардын мугалимдери катышты.

Тренингди Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун (Республикалык институт) суранычын кабыл алган Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан келген компетенттүү адистер өтүштү.

“PISA-2025” ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДЫК: АЙМАКТАРДА ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Алардын бири Москва шаарындагы «Просвещение» басмасынын директору Надежда Колесникова катышуучуларга “Эл аралык изилдөөлөргө катышууга даярдоону окуу-методикалык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу (Россиянын тажрыйбасы)” аттуу темада тренинг өтүп берди.

Мындан сырткары ал Россиянын PISA, PIRLS, TIMSS сыяктуу түрдүү эл аралык изилдөөлөргө катышуу тажрыйбасына токтолду.

Ошондой эле Надежда Колесникова “Просвещение” басмасы тарабынан чыгарылган 27 наамдагы китептерди, окуу-усулдук куралдарды Республикалык институтка белек кылды.

“PISA-2025” изилдөөсүнө даярдык көрүү, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу боюнча тренингдер Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Каракол, Токмок, Кара-Балта шаарларында өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер