ПЕДАГОГИКАЛЫК АДИСТИКТЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДИН СТИПЕНДИЯСЫНЫН ӨЛЧӨМҮ 100%ГА КӨТӨРҮЛДҮ

  • 06.10.2020
  • 0

2020-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 508 токтомунун негизинде  орто жана жогорку окуу жайларда педагогикалык кесиптер боюнча окуп жаткан студенттерге стипендиянын өлчөмү 100% көбөйтүлдү.

Стипендиянын көлөмүнүн көбөйүшү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын педагогикалык адистиктерине тапшырууга түрткү берет жана  мектептерди, биринчи кезекте айыл жериндеги педагогикалык кадрлар менен камсыз кылууну жакшыртат.

Студенттер үчүн стипендиянын өлчөмү:

— жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында жогорулаганга чейин — 800 сом, көтөрүлгөндөн кийин – 1 600 сом;

— орто кесиптик билим берүүчү мекемелеринде жогорулаганга чейин — 720 сом, жогорулагандан кийин – 1 440 сом.

Студенттердин стипендиясын 100%га көбөйтүүгө 2020-жылдын 4 айына  10 817,6 миң сом талап кылынат. Тиешелүү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетинде каралган.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер