ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН АТА-ЭНЕЛЕРИ ОКУУ ЖАЙ МЕНЕН АРАЛЫКТАН ТААНЫШТЫ
- 30.10.2020
- 0
Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин жетекчилиги жана окутуучулары факультеттин күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен аралыктан жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин деканы Артыков Аамат факультеттин тарыхы, курамы, аралыктан окуу процессинин жүрүшү жана көйгөйлөрү, материалдык-техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берди. Трансляциянын жүрүшүндө ата-энелер менен эркин пикир алышуу болуп, виртуалдык түрдө окуу жай менен таанышышты. Иш-чара Zoom программасында жана https://www.instagram.com/oshtu/?hl=ru, www.facebook.com/pressaoshtu.kg баракчаларында түз көрсөтүлдү.
Бөлүшүү
Комментарийлер