ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АРМЕНИЯДА

  • 15.01.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Шайырбек Сайдаматов баштаган делегация Арменияда болуп кайтты.

ОшТУнун кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Шайырбек Сайдаматов баштаган делегация Эразмус+ долбоорунун  “Армения менен Кыргызстанда дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын өнүктүрүү жана географиялык маалыматтык технологиялар тармагында изилдөө тармактарын бекемдөө” (GeoTAK) долбоорунун жыйынтыктоочу семинарына активдүү катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатып келишти.

Аталган семинар геомалыматтар технологиясы тармагындагы адистиктерди даярдоо максатында магистранттарды жана PhD докторантурасын Кыргызстан жана Армения университеттеринде түзүү максатында Армениянын Архитектура жана курулуш улуттук университетинде уюштурулду.

ОшТУда Эразмус+ долбоору көп жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып жатат. Бүгүнкү күндө ишке ашырылып жаткан долбоорлордун негизги максаттары геомалыматтар технологиясы тармагындагы программаларды иштеп чыгуу жана Армения менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын, өнөр жайдын жана менеджменттин ортосундагы илимий-изилдөө жана инновациялар боюнча байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, ОшТУ картография жана геоинформатика багытында PhD программасы боюнча докторанттарды даярдайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер