ОШТУНУН КОРЕЙ БОРБОРУНДАГЫ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ

  • 05.06.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин “Седжон Хагдан” корей борборунда 2024-жылдын жазгы семестри аяктап, бүтүрүү аземи өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын ректору Ж.Турсунбаев, борбордун  окутуучулары жана студенттери катышты.

ОШТУНУН КОРЕЙ БОРБОРУНДАГЫ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ

Бүтүрүү аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды. Борбордо башталгыч корей тил курсуна Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар келип жазылган.

“Седжон Хагдан” корей борбору күзгү семестрге жаңы студенттерди, окуучуларды 2024-жылдын 12-августунан кабыл алууну баштайт.

ОШТУНУН КОРЕЙ БОРБОРУНДАГЫ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ

Эскерте кетсек, Ош технологиялык университетинде 2008-жылы корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.

Асылзат Эргешова,
ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер