ОШТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЫТАЙДА

  • 25.12.2024
  • 0

ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжине барып келди.

Иш сапар “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжи менен М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашты.

Келишимдин алкагында Ош технологиялык университетинде Кытай тили жана көндүмдөр борборун ачуу боюнча талкуу болуп, онлайн-офлайн багытында IT, энергетика, логистика адистери боюнча билим алышат жана эл аралык сертификатка ээ болушат.

Ошондой эле, Бинтуан Синсин кесиптик-техникалык колледжинен ОшТУнун энергетика жана транспорт институтуна 2 500 000 сомдук электр жабдуулары алынып келинди.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер