ОШТУДА ЖАҢЫ РЕКТОР!

  • 09.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин ЖМКтар менен иштөө бөлүмү кабарлагандай, 2022-жылдын 9-сентябрынан тартып Турсунбаев Жанболот Жанышович Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору болуп дайындалды.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору кызмат ордун ээлөө үчүн ачык сынак жарыялаган.

Конкурска катышуу үчүн 18 талапкер документ жиберип, андан 17 адам талап кылынган документтердин толук пакетин тапшырган. Ал эми Жанболот Турсунбаев 8-сентябрда өткөн аңгемелешүүдө эң жогорку 8,3 (максимум -10 балл) упайды топтоду.

Белгилей кетсек, Жанболот Турсунбаев буга чейин Ош мамлекеттик университетинин инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору, кафедра башчысы болуп иштеген.

ТУРСУНБАЕВ ЖАНБОЛОТ ЖАНЫШОВИЧ

Туулган жылы: 14.01.1972

Билими:

1994 -жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институту (Бишкек шаары);

1998 — жылы ОшТУнун Кайра жаңылануучу энергияга негизделген электр станциялары адистиги боюнча күндүзгү аспирантурага тапшырган.

Илимий даражасы, илимий наамы:

Техника илимдеринин кандидаты, доцент;

Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти.

 Иш тажрыйбасы:

             1995-1997- жылдары Ош технологиялык университетинин автомобиль транспорту кафедрасында лаборант;

            1997-жылдан баштап  ОшТУнун автомобиль транспорту кафедрасынын окутуучусу;

            2003-2009-жылдары ОшМУнун Электр менен жабдуу жана автомобиль транспорту кафедрасында доцент;

           2007-2009-жылдары ОшМУнун физика-техникалык факультетинин окуу иштери боюнча деканы;

            2005-жылы калыбына келтирилүүчү энергия булактары боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон;

            2009-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын ноябрь айына чейин физика-техникалык факультетинин «Автомобиль транспорту» кафедрасынын башчысы болгон;

2018-жылдын январь айынан август айына чейин Физика-техникалык факультетинин деканынын милдетин аткаруучу;

            2019-жылдын ноябрь айынан баштап Ош мамлекеттик университетинин Өнүктүрүү жана инвестиция департаментинин директору;

            2021-жылдын январь айынан бери ОшМУнун инвестициялар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору;

Сыйлыктары:

           Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2008);

           Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги (2009).

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, беш баланын атасы

Бөлүшүү

Комментарийлер