ОШТУДА ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

  • 30.06.2020
  • 0

Ош технологиялык университетинде абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн онлайн форматында ачык эшиктер күнү өттү.

ОШТУДА ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

Иш-чарага ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы баш болгон факультеттердин декандары, колледждердин, институттардын жана орто мектептердин жетекчилери, ата-энелери жана бүтүрүүчүлөрү катышты. Аны окуу жайдын ректору Абидов Абдыкадыр ачып, абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине окуу жай тууралуу, андагы адистиктер, контракттык төлөмдөр жана ОшТУнун материалдык-техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берилип, виртуалдык түрдө окуу жай менен таанышышты.

ОШТУДА ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

Иш-чара Zoom программасында жана www.facebook.com/pressaoshtu.kg баракчасында трансляциялоо аркылуу өттү. Трансляциянын жүрүшүндө ОшТУда 2020-2021-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктары, кесип тандоо ж.б. маселелер кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер