ОШТУДА КЫЗДАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 11.10.2022
  • 0

ОШТУДА КЫЗДАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош технологиялык университетинде кыздар күнү белгиленип, Аялдар кеңешинин жана Жаштар комитетинин демилгеси менен атайын иш-чара өткөрүлдү.

Жолугушууга Ош шаардык Кеңешинин депутаты, тележурналист, “Асылзат” коомунун президенти Нуркыз Кадырбекова катышып, кыргыз элиндеги кыздардын, дегеле аялзатынын орду тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Кыргыздар эч качан кызды басмырлап төмөн койгон эмес, ар дайым кыздын орду үйдө, төркүндө бийик деп саналып, аяр мамиле жасалып келгендиги,  элде сакталган баалуулуктар азыркы ааламдашуу алкагындагы коомчулук үчүн канчалык деңгээлде өзгөрүлгөндүгү тууралуу дагы көптөгөн ойлор айтылды. Акыркы мезгилде кыздарга болгон мамиле, алардын ар кандай турмуштук жагдайлардан улам туш болуп жаткан көйгөйлөрү, аларды болтурбоо үчүн көрүлгөн иш-чаралар, кыздарга үй-бүлөдөгү мамиле, тарбия жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.

Бул майрам 2012-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан негизделген. Анын негизги максаты – кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат. Кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу жана башка маселелердин алдын алууга багытталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер