ОШТУДА КОРЕЙ БОРБОРУ ЭШИГИН АЧТЫ

  • 06.09.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинде “Седжон Хагдан” корей борборунун күзгү семестринин ачылуу аземи болуп өттү.

ОШТУДА КОРЕЙ БОРБОРУ ЭШИГИН АЧТЫ

Аталган иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты, корей борборунун окутуучулары, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Ачылуу аземинде корей тилиндеги ырлар жаңырып, корей маданиятын чагылдырган бийлер бийленип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Ушундай салтанатка активдүү катышкандыктары үчүн “Седжон Хагдан”  корей борборунун жамааты университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

ОШТУДА КОРЕЙ БОРБОРУ ЭШИГИН АЧТЫ

Корей борбору биздин окуу жайда мындан бир топ жыл мурун ачылып, студенттерге, окуучуларга корей тилин үйрөтүүдө көптөгөн иштерди аткарып келет. Башка элдин тилин үйрөнүү үчүн сөзсүз ошол элдин маданиятын кошо үйрөнүү абзел. Ошондуктан бул борбордо билим алып жатышкан студенттер бир эле тил үйрөнүү менен гана чектелбестен, ал улуттун маданиятын дагы кошо үйрөнүшөт.

Борбордо окутуу мыкты деңгээлде уюштурулган. Аны корей тилин жана маданиятын үйрөнүүгө ынтызарланган студенттердин республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды ээлегенинен улам баамдоого болот. Ошондой эле, бул борбор аркылуу биздин студенттердин мобилдүүлүк программасы боюнча Түштүк Корея мамлекетине билимдерин улантуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

 А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер